Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

БШКдагы бюллетень тактоо убарасы


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик кызматка талапкерлердин бюллетендеги номурларын аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү. Айрым талапкерлердин шайлоого катышуудан баш тартышы мүмкүн болгондуктан чүчүкулакты 19-сентябрда өткөрүү маселеси талаш-тартыш жаратты.

БШКнын жумушчу тобу бул күнү шайлоо бюллетенинин текстин жана формасын бекитмек. Кворум чогулбай калгандыктан маселени кароо 20-сентябрга калды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын президенттик кызматка талапкерлердин бюллетендеги ордун аныктоо боюнча чүчүкулакты 19-сентябрда өткөрүү маселеси талаш-тартыш менен коштолду. Талапкер Темир Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Айжан Орозобекова чүчүкулакты башка күнү өткөрүүнү сунуштады:

- Биз азыр көрүп турабыз. Ар бир талапкердин аягына чейин баруу же башка талапкерди колдоп кетүү укугу бар. Кээ бир талапкерлер расмий түрдө биригүү тууралуу айта баштады. Башка талапкерлер да аягына чейин барабы же жокпу деген суроо туулат. Ошону тактап, биротоло убакыт берип, андан кийин чүчүкулак өткөрсөк болмок деген негизде арыз бергенбиз. 2011-жылдагы президенттик шайлоодо АСУ (автоматташтырылган система) жок болчу. Колдо санашчу. Азыр автоматташтырылган үкөктөр бар. Күн мурунтан талапкерлердин бюллетендеги ордун бекитип салсак, ал жакта нумерация туруп калат. Кайсы бир талапкер шайлоодон баш тартса анда аларды бюллетенден чийүүгө туура келет. Үч миллион бюллетень болсо, анын баарын колго чийип чыкканды ойлоп көргүлө. Туура чийилеби, чийилбейби? Адам фактору да болушу мүмкүн. Эсептөө үкөгү аны кантип санайт? Азыр такташып, анан аныкталса, үгүт маалында да талапкерлерге жакшы болот эле.

Мындай сунушка бир катар талапкерлердин өкүлдөрү каршы чыгышты. Президенттикке талапкер Токтайым Үмөталиева да ага макул болбой, мыйзамга ылайык бюллетендеги номурлар шайлоого 25 календарлык күн калганда аныкталууга тийиштигин айтты:

- Өзүбүздүн материалдарды тираждоо үчүн ар бирибиздин номурубуз бүгүн керек. Айттыңбы, кошулдуңбу башка талапкерлерди сыйлап, арызды алгыла. Анткени мамлекеттин жана башка талапкерлердин каражаты кетип атат. Эгерде башкаларга бүгүн чоң-чоң билборддорду алып ыргытып жиберүү көйгөй эмес болсо, алардан башка да ар бир тыйынын эсептеп отурган талапкерлер бар. Мына он киши отурат. Биз олигарх эмеспиз, биздин ресурстарыбыз чектелүү.

Көпчүлүк талапкерлердин өкүлдөрү да үгүт жарнамаларына бюллетендеги номурларды колдонуу ниетин ырасташты. Талашып-тартышуудан кийин БШКнын жумушчу тобу талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арасында чүчүкулак өткөрүп, алардын бюллетендеги ордун аныктады. Ага ылайык талапкерлердин катары төмөндөгүдөй жайгашат:

№1 - Эрнис Зарлыков;

№2 - Токтайым Үмөталиева;

№3 - Темир Сариев;

№4 - Улукбек Кочкоров;

№5 - Таалатбек Масадыков;

№6 - Өмүрбек Бабанов;

№7 - Арстанбек Абдылдаев;

№8 - Азимбек Бекназаров;

№9 - Сооронбай Жээнбеков;

№10 - Адахан Мадумаров;

№11 - Камчыбек Ташиев;

№12 - Арстанбек Малиев;

№13 - Бакыт Төрөбаев.

Өткөн аптада "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад шаарындагы жолугушууда дагы бир талапкер Өмүрбек Бабанов менен бириккенин жарыялаган. Мындан тышкары Бабанов, Мадумаров жана Сариевдин ортосунда бирдиктүү талапкерге токтолуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган. КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбековдун айланасында да бул өңдүү сүйлөшүү жүргөнү кабарланган.

"Шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, талапкерлер добуш берүүгө үч күн калганда саясий жарышка катышуудан баш тартканын жарыялоого укуктуу. Мындай болгон учурда Борбордук шайлоо комиссиясына бюллетендерден алардын тизмесин кол менен чийип чыгууга туура келет.

Бирок Боршайком төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бул жагдай шайлоо жыйынтыгын эсептөөдө ыңгайсыздык жаратпай турганын белгиледи:

- Автоматтык үкөктөрдүн иштөө программасы он үч талапкерге жана чыгып кеткендерге ылайыкташып түзүлөт. Бюллетенде он үч талапкер жана “бардыгына каршы” деген позицияны кошкондо он төрт катар болот. Бюллетень бир барактан турат жана А4 форматында.

Боршайкомдун маалыматына караганда, бюллетендер 24-25-сентябрдан баштап басылууга тийиш. 4-октябрдан тартып аймактык шайлоо комиссияларына жеткириле баштайт. Жалпы үч миллиондой шайлоо бюллетени даярдалары буга чейин маалымдалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG