Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:36

Мен азыр жашмын, Кыргызстанды айланып чыга элекмин


Kыргызстанымдын жакын арада алдыңкы мамлекеттерден болушун мен дагы чын жүрөгүмдөн каалаймын. Кыргызстан - тоолуу, табыяты кооз, абасы таза өлкө. Жери ар кыл элементтеги кендерге бай, суулары таза, тунук. Таштан-ташка урунуп аккан суулар кышында тоңбогон Ысык-Көлү жана Соң-Көлү, Чатыр-Көлү бар. Сансыз булактардан, суулардан куралган чоң Нарындай дарыйалары да көп.

Мен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнө карашту Кызыл айылында жашайм. 7-класста окуйм. Биздин райондо атактуу Арстанбап тоосу, жаңгак токойлорубуз орун алган.

Арстанбапта балдар эс алчу жайкы лагерлер, пансионат, турбазалар иштейт, алар көптөгөн туристерди кабыл алат. Ошондой эле Кызыл-Үңкүр айылы да эс алууга ыңгайлуу, токою калың кооз жер.

Кыргызстан көп жылдардан бери көп ийгиликтерге жетишти. Кыргыз элинин кооз жерине башка чет өлкөлүк туристтер келип жаңгактуу токойлорун кыдырып, тоолоруна чыгып, бул жерлер чын эле бейиш экенине ынанып кетүүдө.

Кыргыз элим

Ала-Тоосу керилген,

Ак калпагы келишкен,

Душманга жеңишти бербеген,

Кыргыз элим аман бекен.

Менин оюмча, мындай кооз жерлерди дүйнөнү бир айланып чыксам да таба албасам керек. Мен азыр жашмын, Кыргызстанды айланып чыга элекмин, мен билбеген кооз жайлар көп.

“Туулган жердин топурагы алтын”. “Мекенге кылган кызмат бардык кызматтын улуусу”.

Кыргызстандын башка өлкөлөрдөн келгендерди суктанта турган дагы бир нерсеси бар. Ал - боз үй. Боз үй мага жагат. Боз үйдү көргөндө эле көзүңө көрктүү көрүнөт, тимеле укмуш. Ал сыртынан жасалышы оңой көрүнгөнү менен иштей келгенде аябай эле кыйын. Орто мектепти аяктап жогорку окуу жайларда окуп Ата Мекенимдин гүлдөп өсүшүнө өз салымымды кошсом, деген ой максат-тилегим бар.

Мекендештеримди мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүнө талыкпай кызмат кылышка чакырат элем. Мен бактылуу инсанмын, анткени мен ушундай кыргыз жеринде жашаймын жана мындай кооз керемет жерлерди өз көзүм менен көрүп турамын.

Мен бактылуумун, анткени өз үйүбүздө ата-энем менен бактылуу күн кечирип жатабыз. Ал эми заманбап мыкты үй курууну долбоорлоо жана аны кура билүү оңой иш эмес.

Мамлекет бул үй-бүлө. Жетишкен мамлекеттердин катарына жетиштирүү биздин келечек жаштардыкы деп ойлоймун. Биз, кыргыздын уул-кыздары, мекенди мындан дагы өнүгүп өсүшүнө жеткирүүгө милдеттүүбүз.

Акылбек кызы Айданек, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу №31 А. Абдурахманов атындагы орто мектебинин 7- Б классынын окуучусу.

XS
SM
MD
LG