Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:50

Ар бир айылда сабаттуулар көп болсо


Ар бир кыргызстандык өз үйүнүн жанына жок дегенде жылына бир түп дарак эксе, кыргыз жерим жапжашыл кооз болуп калмак. Жапжашыл Кыргызстан кулпуруп чыкмак. Мен да өз жериме кичине болсо да салым кошууну чечтим. Мен азыр Жалал-Абад облусундагы Сузак районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйүндө тарбияланып жатам. Мен бул жакка окууга келгем. Ал эми өзүм болсо каракөлдүкмүн. Эмнеге ал жакта окуп жатасың деген суроолорду көп угам. Себеби атам аксылык. Ал айылда электр жарыгы менен кошо мектеп жок. Окуйм деп мектеп жоктугунан ушул жакка келип калгам.

Мен ушул айылга жардам берүүнү кичинемден пландаштырып келем. Менин койгон максатыма жетишиме бир-эки этап гана калды. Анткени буга чейин "Ийгиликтин паспорту" программасын, SiDOK доолборунда окуудан өттүм. Ошол эле учурда «финансылык» тараптан да маалымат алдым. Эми болгону окууну бүтүү жана мугалимдик кесипке даярдануу калды. Биз 10 бир тууганбыз. Мен окууну аяктаганча бир туугандарым чоңоюп калса, мен алардын жардамы астында айылга ток жарыгын алып кирүү менен бирге мектеп курдуруп алсам, деген оюм бар.

Бул да болсо кыргыз элимдин билимин жогорулатууга, элди жетишкен шаарларыбызды көздөй агылтууга, кыргыз жерин өнүктүрүүгө аракет кылуунун бир жолу

Келечек муунга билим берип, ата-бабаларыбыздай баатыр, эли-жерин коргоого, улуттук тил, каада-салт жана үрп-адаттарды бек сактоого тарбиялоо кыргыз элинин түбөлүк жашоосун улантууга көмөкчү болот. Бир айыл сабатсыз калса, бүтүндөй кыргыз эли караңгы калгандай элестетет. Кереметтүү көгүлтүр Ысык-Көл, ажайып кооз Сары-Челек, жыш токой Арстанбап, түз талаадагы чөккөн нардай Сулайман-Тоо, кылым карыткан Ош шаарыбыз бар. Бир эле айылдан эмес, ар бир жерден бирден ыктыярчы чыкса Кыргыз жерим гүлдөп өнүгүшүнө көзүм жетет. Ар бирибиз киришсек колдон келет. "Ооба, менин колумдан келет", деген ураанды колдосок Кыргыз эли да жапон элиндей бакубат жашоого жетишмекпиз. Ар бирибиздин жүрөгүбүз Кыргызстан, Кыргыз деп соксо жерибиз өнүгүп-өсөт. Кыргызстандын өнүгүшү жаштардын аракетине байланыштуу.

Мен Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм! А сенчи? Урматтуу мекендеш, эгер кааласаң биздин катарга кошулгула!

Гүлнара Кожаинбердиева, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1 балдар үйүнүн тарбиялануучусу

XS
SM
MD
LG