Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:49

Биз китепти көп окуйлу...


Биздин Кыргызстаныбыздын азыркы убактагы социалдык абалын жаман деп айта албайм. Анткени өлкөбүз жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн бири. Азыркы убакта мамлекетибиздин көптөгөн жерлери оңолуп, жаңыланып жатат. Мисал келтирсем, жолдор, мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, окуу жайлар. Кыргызстаныбыз эң кооз өлкөлөрдүн бири. Тоолорубуз, көлдөрүбүз, токойлорубуз, шаркыратмаларыбыз да бар.

Анан дагы биз сыймыктанган атак-даңктуу акындарыбыз бар. Жазуучуларыбызды, манасчыларыбызды, комузчуларыбыз. Ырчыларыбыз обон созгондо жайлоодо сайраган булбулдардын үнүндөй болуп, кулагыңа жагымдуу угулат. Башка өлкөлөрдөн келгендер биздин улуттук тамактарыбызды макташат, жегенде аябай суктанып жешет.

Биздин өлкөгө келген туристтер биринчиден, биздин жаратылышыбыздын кооздугуна, бийик-бийик тоолоруна жана дагы улуттук тамагыбызга суктанышат. Ушундай ийгиликтерге жетишибизге, өлкөбүздүн жакшырышына президентибиз Алмазбек Атамбаев да өз салымын кошуп келе жатат. Көптөгөн жерлердин оңдолушу, жаңыдан курулушу да президентибиздин салымы деп ойлойм.

Бизге азыркы убакта билим алууга эң жакшы шарттар түзүлгөн. Эми биз Кыргызстаныбыздын гүлдөп-өсүшүнө өз салымыбызды кошуубуз керек. Сабакты эң жакшы жана китептерди көп-көп окушубуз керек. Ошондо гана өлкөбүздөн билими терең жаштар чыгат, ойчулдар арбыйт. Биз билимге умтулсак, келечекте бизден жакшы адистер чыгышына күмөнүм жок. Андыктан балдар-кыздар Кыргызстаныбыздын гүлдөшү үчүн билимге умтулгула.

Каримбай кызы Бермет, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сафаровка айылындагы Жооматр Бөкөнбаев атындагы №1 балдар үйүнүн тарбиялануучусу

XS
SM
MD
LG