Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:46

Жазуучу окуудагы ордумду сактап калган


Чыңгыз Айтматовдун Жоомарт Бейшеналиевге жазып берген кол тамгасы.
Чыңгыз Айтматовдун Жоомарт Бейшеналиевге жазып берген кол тамгасы.

Эсимде, 1978-жылы 31-июль күнү кыргыз совет адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы жана 50 жылдык мааракесине карата СССР Жогорку Советинин президиумунун указы менен Чыңгыз Айтматовго "Социалисттик эмгектин баатыры" деген наам ыйгарылган буйрук "Известия" гезитине чыкты.

Мен ошол жылы 3-августта Кино үйүнө Ч.Айтматовду тааныган жана аталык жардамын көргөн 21 жаштагы студент катары жогорку наамы менен куттуктап барганымда Айтматов мени кабыл алып, жарым саат сүйлөшүп, абалымды сурап, далыман таптап, Москвадагы "Прогресс" басмасынан чыккан англис тилиндеги ушул китебине кол тамгасын койкойто коюп берген эле. Ушул китепти мага белекке бергенине туптуура 40 жылдын жүзү болот.

Ч.Айтматов мен ал кездеги КМУнун филология бөлүмүнүн 4-курсунда окуп жатканда орус тилиндеги "Военное дело" деген сабактан жетишпей, окуудан чыгарылып салганда, Айтматов өзү киришип, министрдин орун басары М. Абдыгуловго, ректор С. Табышалиевге телефон чалып, мени окуудан чыгартпай, сырттан окуу бөлүмүнүн 4-курсуна окууга которткон.

90 жылдык мааракесинин алдында "Азаттык" жарыялаган дил баян конкурсуна ушул эскерүү эссемди сунуш кылууну туура таптым.

Ч. Айтматов менен 1985-жылы Кыргызстан КП БК уюштурган "Интернациональное воспитание трудящихся" деген идеологиялык семинарда кайрадан жолугуп, ушунусун айтып эсине салганда, күлүп, кубанып, далымдан таптаганы такыр эсимден кетпейт.

Улуу гуманист, улуу ойчул жана философ. Ч. Айтматовго 1979-жылы кино сынчы, Кино үйүнүн Телибай Багышбековдон кийинки директору, курсташым Аскербек Секимов иштеген кезде да жолугуп, И. Поплавская тарткан "Я, Тянь-Шань" деген тасманы тартууга даярдык боюнча бир чыгармачылык жыйынына Логвиненко көчөсүндөгү темир жолдун алдындагы, эски Медициналык институттун маңдайындагы эки кабаттуу эски тарыхый архитектуралык статусу бар Кино үйүндө катышканым азыр да эсимде.

Булар жөнүндө ушул жана башка учурларын 90 жылдыгынын алдында Талас облустук райондук басмаларга жазгам. 40 жыл мурда улуу жазуучу өз колу менен жазып берген чыгармасы үйүмдө баасы жок баалуу буюм катары мактануу менен сактап келатам.

Жоомарт Бейшеналиев,

Талас облусу, Бакай Ата району, Бакай Ата айылы, "Айыл жарчысы" гезитинин редакциясы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG