Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:58

Улуу эл экенибизди унутпайлы


Кыргызым бүтпөс ырымсың,

Кыярбас кызыл туумсуң.

Сан жагың чакан болсо да,

Сапатың менен улуусуң.

Б. Сарногоев.

Кыргыздар - Орто Азия чөлкөмүндөгү эн байыркы эл. Биз менен тең ата жашаган элдердин көбү улут катары да, уруу катары да биротоло аты өчүп, жер жүзүнөн жок болуп кеткендигин бизге тарых мугалимибиз айтып берген. Элибиз карт тарыхтын бүктөмдөрүндө кайып болуп кетпестен, бирде булак суусундай жылжып акса, бирде кирген дайрадай күргүштөп албууттанып агып келгенин акыл элегимден өткөрүп олтуруп, кадимкидей сыймыктанып кетем.

Мен ошондой улуу элдин кызы экенимди ойлогонумда патриоттук маанайым кадыресе көтөрүлө түшөт. Ошол уюткулуу журтубуз азыр эгемендүү эл болуп, дүйнөнүн дөө-шаа өлкөлөрү тааныган өнүгүү жолундагы мамлекетке айланды. Калк кадырлаган каада-салтыбызды кастарлап, улуу бабаларыбыз урпактарына калтырган улуттук тилибизди унутпай келдик. Өз тагдырыбызды өзүбүз чечип, саясий стратегиябызды жана социалдык өнүгүү багыттарыбызды өзүбүз аныктап калдык. Ар ким өз аракетине жараша турмуш кечире турган мезгил келди.

Ошол эле мезгилде арабабызды артка тартчу айрым бир терс жагдайларды да айта кеткеним жөндүү. Азыркы адамдардын психологиясы «базар экономикасы» деп аталган татаал шарттарга биротоло ыңгайлашып кетти. Натыйжада, акча табуу принциби биринчи планга чыгып, улуттук баалуулуктар экинчи планга сүрүлүп калды. Былтыр сыналгыдан уккан төрт сап ыр биротоло эсимде сакталып калыптыр:

Ала кушту атынан аташ керек,

Адамсыңбы адамча жашаш керек.

Жакшы заман өзү эле келбейт тура,

Жан дүйнөгө өзгөрүш жасаш керек.

Ооба, жан дүйнөбүзгө жаңыча өзгөрүш жасамайын өлкөбүз өнүкпөйт окшойт. Бул катардагы адамдан тартып, Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин тиешелүү.

Акыркы мезгилдерде болгон саясаттагы кээ бир өзгөрүүлөр, кылмыштуулук өлкөбүзгө өз кедергисин тийгизип келе жатат. Жанагы атың өчкүр коррупция болуп көрбөгөндөй кулач жайды. Жаратылышты болсо жан кейиткидей жабырланттык. Улуу Манас атанын урпактары чын эле ушунчалык майдаланып кеттикпи? Антсе болбойбу, минтсе болбойбу деп балалык сезимимде кайгыра берем. Бирок үнүмдү эч ким укпас алсыздыгымды сезип маанайым сууй түшөт. Ошентсе да жакшы иш жасоо колуңдан келбесе, жакшы ой менен жашаган да жакшы деп өзүмдү сооротуп коём. Мындан эки күн эле мурда «Манас жаңырыгы» телеканалынан абройлуу эле бир киши сөзүнүн арасында: «Кыргызстандын келечеги бүдөмүк»,- деп айтты. Өз элибиздин эртеңине ишенбей, ушундай көңүл чөгөрлүк ойлор менен жашасак, өлкөбүз өсмөк беле?

Жапония менен Кытайдын ар бир жараны элине пайда келтирерлик, же кандайдыр бир жаңыча иштерди жасоо менен гана алек болот экен. Биз эмне үчүн анте албайбыз? Көрсө, бизде каныбызга сиңген кайдыгерлик деген нерсе кайнап жаткан турбайбы.

Өткөн кылымда жашаган СССР деген мамлекеттеги кененчилик, молчулук, жыргалчылык жөнүндөгү маалыматтарды улуулардан угуп олтуруп, жомоктогудай жашоону элестете берем. Биз дагы жолду тосуп митингге чыкпаган, бирөөнү бирөө атып өлтүрүп кетти деген сөздү укпаган, балдардын бактылуу күлкүсү гана жаңырган, гүлдөгөн Кыргызстанда жашайт бекенбиз деп кыялданам.

Мүмкүн чоңдорчо ой жүгүртө албай, көп нерселерге акылым жетпей жаткандыр, бирок бир нерсеге анык көзүм жетип турат. Биздин Кыргызстанды туристтердин өлкөсүнө айландырууга толук болот. Анткени, кол менен жасап койгондой көз жоосун алган кооз жерлерибиз, дүйнө эли суктанган кереметтүү жайларыбыз көп. Ал эми туристтердин көп келиши өлкөбүздүн өнүгүшүн шарттайт.

Мен жана менин муунум гүлдөп өскөн Кыргызстанда жашагыбыз келет.

Кыргызстандын эртеңин, анын келечегин кандай элестетеримди мен өзүмдүн жан дүйнөмдүн жаңырыгынан жаралган төмөнкү ыр саптарым менен берүүнү чечтим:

Көп ойлор бар көөдөнүмдү чымчыган,

Сезбейт аны көргөн адам сыртыман.

Ай ааламда аба жетпей жаткансып,

Албан түрдүү ойго батып тумчугам.

Тилек кылам Ала-Тоолуу Мекендин,

Мыкты болуп алга жылып кетерин.

Бардык жактан алга өнүгүп кетсе деп,

Кыялданам Мекенимдин эртеңин.

Ырын ырдап чогуу жалпы хор менен,

Туу көтөрүп келдик туура жол менен.

Жомок өңдүү ойдогудай турмушту,

Жасап алат кыргыз элим кол менен.

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Б. Осмонов атындагы

№6 гимназия мектебинин 10-классынын окуучусу Арстанбек кызы Зирек.

XS
SM
MD
LG