Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:53

Кыргызстан гүлдөсүн десек...


Жаштар
Жаштар

Ким, кайсы эл өзүнүн туулган жеринин гүлдөп-өсүшүн каалабайт.

Биз мекенибиз Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүн кааласак, анда биринчиден ынтымакты сактап, бири - бирибизге колдоо көрсөтүүбүз керек.

Экинчиден, оор өнөр жайын (автоунаа, комбайн, трактор жасоо) жандантуу. Үчүнчүдөн, жеңил өнөр жайын жолго салуу. Төртүнчүдөн, келечек муунга кам көрүп, бала бакча, мектеп ачуу. Бешинчиден, мал чарбасын өнүктүрүү.

Бизнести туура жолго коюу. Кен байлыктарды туура пайдалануу. Өлкөбүзгө дүйнөнүн чар тарабынан туристтерди тартуу. Ысык-Көлдү, жайлоолорду, Ала-Арчадай жаратылыш парктарын жарнамалап, дүйнөгө таанытуу.

Бул иштерди баштоо үчүн коррупцияны тамыры менен жулуп салуубуз керек. Арам ишке барган адамдарды жазалап, элден уурдаганын жол салууга, мейманканаларды ачууга, көп кабаттуу үйлөрдү курууга, жолчырак жана камера орнотууга жумшоо керек. Ошондо гана Кыргызстандын ажайып кооз жерлери андан да сонун болор эле.

Камбарали уулу Сыймык, Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу шаарындагы №3 орто мектебинин, 8-классынын окуучусу

XS
SM
MD
LG