7-апрелде парламенттин Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Кумтөрдү кайра түзүү боюнча буга чейин токуган беш токтомунун аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматын укту.
Анда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев президент да, парламент да күтпөгөн кескин билдирүү жасады. Ал эки жыл бою талкууланып келаткан Кумтөрдү улутташтыруу же канадалыктар менен биргелешкен ишкана түзүү Кыргызстан үчүн пайдасыз жана мүмкүн эместигин ачык айтты.
Оторбаев буга чейин “Центерра” менен пайдасы тең бөлүнгөн ишкана түзүүнү колдоп, атүгүл сүйлөшүүлөр аяктап калды деп парламентти ишендирип келген.
- Азыр Кыргызстан үчүн биргелешкен ишкана түзүү таптакыр пайдасыз деген терең ишеничтемин. Улутташтыруу варианты бардык жактан алганда мындан да начар. Бул жагдайда мен Кумтөр долбоорунун азыркы статуста калуусун сунуштайм. Болгону башкаруу менеджментин кыргыз тараптын пайдасына оптималдаштырышыбыз керек. Албетте, баары Канаданын мыйзамдарынын чегинде болот. Өзгөрөт деген кепилдик жок, бирок мүмкүн. Эгер менин сунушумду парламент жактырбаса, анда каалаган саясатчы өз вариантын сунуштасын. Жогорку Кеңеш жумшак рейтинг боюнча башка талапкердин сунушун жактырса, мен премьер-министрликти өткөрүп берүүгө даярмын.
Премьер-министр позициясынын күтүүсүз өзгөрүшүн Кумтөрдө казыла турган алтындын запасы 51 тоннага азайды деген маалыматына байланыштырды. Анын айтымында, “Центерра” 20-мартта Кумтөрдөгү алтындын запасы өткөн жылдын декабрында айтылгандай, 208 эмес, 157 тоннаны гана түзөрүн жарыялаган. Бул Кумтөрдөн түшчү пайда 21 пайызга кыскарат дегенди билдирет. Бирок бул “Центерранын” гана маалыматы, кыргыз тарап запастын эмнеге азайганын текшере элек.
Өкмөт башчынын билдирүүсү депутаттарды да "нес" кылды
Парламент комитети Кумтөр маселеси боюнча өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп таап, Оторбаевдин сунушун Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгара турган болду.
Парламент Кумтөр боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келген ишкана түзүү боюнча тапшырманы өкмөткө 2014-жылдын башында эле берген. Ортодо муну Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү да аткара алган эмес. Жоомарт Оторбаев “Центерра” менен сүйлөшүүлөр оор болуп жатканын айтып, ошентсе да орток пикир табылат деген пикирде болуп, ушуга чейин маселени улам артка жылдырып келген эле.
Башкалар сыяктуу эле КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков үчүн да Оторбаевдин билдирүүсү күтүүсүз болгон. Анткени ушуга чейин президент да, парламент да биргелешкен ишкана түзүлөт деп өкмөткө үмүт артып келишкен. Турсунбеков өкмөт эки вариант тең эмнеге пайдасыз экенин чечмелеши керектигин белгиледи.
- Өкмөт ушул маселени олуттуу карап, эсептерди туура жүргүзгөн эмес. Же бул жерде кырдаалды улам башка жакка буруп турган кызыкдар күчтөр бар. Бул жерде оюндар күчтүү болуп жатат. Улутташтыруу боюнча да бардыгын анализдегиле деп тапшырма бергенбиз. Азыр эми эки вариант тең пайдасыз деп жатышат. Эмнеге экенин чечмелеп бериши керек. Биз так эсептерди көрө элекпиз.
Өкмөттүн тизгини кимге тиет?
Оторбаевдин билдирүүсү президент менен өкмөт ортосундагы ажырымды ачыкка чыгарды. Мындай оюн оппозициялык депутат Равшан Жээнбеков ортого салды. Анын баамында, мындан ары азыркы иштеп жаткан Кумтөр келишимин денонсациялоодон башка жол жок.
- Оторбаевдин бул көз карашын Атамбаев колдобойт. Анткени ал буга чейин биргелешкен ишкана түзүлөт деп, эл аралык маалымат каражаттарына чейин айтып келген. Бул жерде президент менен өкмөт башчынын өз ара карама-каршылыктары ачыкка чыкты. Менимче, Кумтөр маселесин Атамбаев каалагандай чече турган премьер-министр келбейт. Анткени бул өзүн-өзү өлтүрүүгө барабар. Атамбаевге Кумтөрдү чече турган эмес, келаткан парламенттик шайлоону бийликтин оюндагыдай өткөрө турган адам керек.
Жээнбеков эгер парламент жаңы өкмөт башчыны “жумшак рейтинг” аркылуу тандай турган болсо талапкерлигин коерун кошумчалады. Анын божомолунда, президент тарабынан премьер-министрликке азыркы спикер Асылбек Жээнбеков, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков же Геология агенттигинин башчысы Дүйшөн Зилалиев сунушталышы мүмкүн.
Өкмөт канадалыктар менен биргелешкен ишкана түзүү үчүн сүйлөшүүлөр учурунда кыргыз тарапка кеңеш берип келген эл аралык үч компанияга эки жыл аралыгында 3,5 млн. евро төлөп берген.