Баткен облусунун Самаркандек айыл өкмөтүндө кыргыз-тажик ымаласын чыңдоого багытталган "Достук" фестивалы өттү. Иш-чараны Youth of Osh уюму 18-апрелде Алыкул Осмонов атындагы мектепте уюштурду. (Сүрөттөр Эмил Сагынбаевдики).
Самаркандектеги "Достук" фестивалы
Самаркандекте кыргыз-тажик ымаласын чыңдоого багытталган "Достук" фестивалы өттү.
1
Жергиликтүү тургундар маданий программа даярдап, аны Тажикстандан келген конокторго тартуулашты.
2
Аркан тартуу таймашы.
3
Фестиваль ЮНИСЕФтин колдоосунда "Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн чек ара аймактарынын кызматташуусу" долбоорунун алкагында өттү.
4
Фестивалда эки элдин достугун даңктаган сүрөттөр коюлду.
5
Фестивалга коюлган сүрөттөр арасында тажикче жазуулар да бар.
6
Youth of Osh уюмунун өкүлү Эмил Сагынбаев
7
Кыргыз кыздар тажикстандык конокторго бий тартуулап жатат.
8
Ошондой эле кыргыз-тажик жаштарына жарандык журналистика боюнча беш күндүк окутуулар башталды. Анын жыйынтыгында эки өлкөнүн улан-кыздары достукту даңазалаган видеороликтерди даярдашат.
9
Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш кыштактары эң көп чыр катталган аймактардан болуп саналат.