Мекенчилдик менен улутчулдук чеги кайсы жерде? "Азаттык+" бул сапар өлкөнүн жети дубанынан келген активдүү жаштар менен патриоттуулук жөнүндө талкуу жүргүздү.
Патриот, патриоттуулук жөнүндө жаштардын пикири бир кылка эмес. Бирок жалпы жолунан алганда патриот өз өлкөсүн сүйгөн, мекенине кызмат өтөп, кыйынчылыктардан жана тоскоолдуктардан чыгууга аракет кылган жарандарды түшүнүшөт. Мекенчил жаран коомдун, маданияттын өнүгүүсүнө салым кошуп, ошол эле учурда башка улуттардын динин, маданиятын сыйлай билген адам.
Учурда патриот деген сөздүн маңызы кетип баратканын айткандар бар. Алардын жүйөсүндө ар кандай уюм түзө калып айрым жерлерде желекти желбиретип кыйкырып, жарандык активдүүлүгүн көрсөтүп, өзүн көпчүлүккө "патриотмун" деп таңуулагандар көбөйдү дешет. Ошондой эле социалдык тармактарда калпак, туунун сүрөтүн коюп алып, ар кимди жерип, өзүн мекенчил сезгендерди сындашат.
Айрым байкоочулар мекенчилдиктен улутчулдукка өтүп бараткан айрым жаштардын тобу бар экенин айтышат. Алар топтолуп алып башка диндин, улуттун өкүлдөрүн кодулаган учурлар маал-маалы менен кездешет. Жаштарды чыныгы мекенчилдик сапаттарга бала бакчадан тарбиялоого болот. Ал үчүн мамлекеттик деңгээлде улуттук идеология, программа кабыл алынышы зарыл дегендер бар.
Кегети капчыгайында орун алган “Жаш булак” лагерине Казакстан, Тажикстан, Британиядан жана өлкөнүн жети дубанынан келген 150дөй активдүү жаштар катышууда.
Бул жаштар бир жума бою чыгармачылык, бизнес, инновациялар жана медиа тармактарындагы мыкты спикерлерден сабак алышат. "Азаттык+" бул жолку чыгарылышында “Жаш булак” лагеринин жашоосу жана андагы кызыктуу каармандар жөнүндө сөз болду.