Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Жеңүүчүлөр аныкталды


"Азаттык" Кыргызстан эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу мыкты баян, ой толгоолор үчүн жарыялаган сынагын жыйынтыктады.

Калыстар тобу сынакка түшкөн материалдардын ичинен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти Уланбек Эгизбаевдин “Келечек колубузда” аттуу ой толгоосун эң мыкты деп таап, баш байге – нетбукту ыйгарууну чечти.

Мындан сырткары ҮүӨөМиң деген ат менен өзгөчө ырларды жазган окурманыбыз, ошондой эле Топчугүл Шайдуллаева, Карамат Токтобаева, Бүбүсара Калыкова, Сексенбай Турдукожоев жана Бегайым Асеева “Азаттыктын” атайын белектери менен сыйланат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 27-декабрда өтөт. Жогоруда аты аталган окурмандарыбыз ага чейин редакция менен байланышып, качан, кайсы жерге келээрин тактап алышы керек. Байланыш телефондору: (0312) 31-61-53; (0550) 51-45-55

“Азаттык” сынакка катышкан бардык окурмандарына алкыш айтуу менен келе жаткан жаңы жылда жаңы ийгиликтерди каалайт!
XS
SM
MD
LG