Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:07
Алмазбек Атамбаевди кармаган учурдагы видео
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:52 0:00

Мурдагы президент Атамбаев кармалды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалды (видео)

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү. Аны бүгүн, 8-августта саат 19:00дөр чамасында күч органдары үйүнөн кармап алып кетти. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кармалганын анын штабы да ырастады. "Азаттык" радиосуна келип түшкөн видеолордон Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баштаган күч органдары алып чыгып кетип баратканын көрүүгө болот. Маалыматтарда Атамбаев сүйлөшүүлөрдөн кийин колго түшүп берүүгө макул болгон. Аны Кой-Таштан Кант аркылуу Бишкекке алып келишти. Акыркы маалыматтарда ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы бүгүн, 8-августта саат 16ларда кайра башталган. Милиция темир дарбазаны чопкутталган машине менен сүзүп кирип, Атамбаевдин тарапташтарын короодон сыртка сүрүп чыгарган. Анда кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулганын «Азаттыктын» кабарчысы окуя болгон жерден кабарлаган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал баруудан баш тарткан.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин тарапкерлери аны суракка чакырууну "саясий куугунтук" деп атап, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө "элдик штаб" түзүп, топтолуп турушкан.

19:11

«Республика»: Өмүрбек Бабанов Бишкекке учуп келүүнү чечти

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Бишкекке учуп келүүнү чечти. Бул тууралуу бүгүн партия тараткан билдирүүдө айтылат.

Партия президент Сооронбай Жээнбековду жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди маселени тынчтык жана мыйзам жолу менен диалог аркылуу чечүүгө чакырды.

“Абалдын курчушун бирге токтотуп, бардык кыймылдарды укук менен мыйзам талаасына бура алабыз деп ишенебиз” деп айтылат билдирүүдө.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ал учурда Москвада.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири "2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет" деген негизде болсо, экинчиси "бийликти басып алууга даярдык көрүү" деген айып менен ачылган.

7-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетүү аракетинен майнап чыккан жок. Бир жоокер курман болуп, күч органдарынан жана жай тургундардан сексендей адам жараат алды.

Ушу тапта Атамбаевдин үйү кайрадан курчоого алынууда.

19:20

Жогорку Кеңеш Кой-Таштагы окуя боюнча комиссия түзүүнү колдоду

Жогорку Кеңеш бүгүнкү кезексиз жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күбө катары суракка алып келүү жана аны кармоо операциясы учурунда өкмөт жетишерлик даярдык көргөн эмес деп тапты. Бул тууралуу бүгүн парламент кабыл алган токтомдо белгиленген. Эл өкүлдөрү Кой-Таштагы окуяны терең иликтеп чыгыш үчүн курамына мамлекеттик жана коомдук ишмерлерден турган комиссия түзүү тууралуу сунушту колдоду. Ошондой эле атайын бөлүктүн каза болгон аскеринин үй-бүлөсүнө, жараат алгандарга жардам көрсөтүү пункту да бар.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Операция учурунда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышып, бир нече киши жараат алды. Алардын арасында атайын кызматтын аскерлери жана милиция кызматкерлери бар. Кагылышта башына таш тийип, оор жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловго эки жолу операция жасалды. Азырынча ал эсине келе элек экенин дарыгерлер билдирип жатышат. Күч түзүмүнүн бир өкүлү курман болду.

Соңку кырдаалга байланыштуу бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны өттү.

18:49

Ак үйгө блокпост коюлду

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG