18:02
Бишкекте бир нече соода борбору жабылды
18:01
Кой-Таштагы окуяда жабыркагандардын саны 80 кишиге жетти
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жабыркаган жарандардын саны 80ге жетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо миниcтрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Анын айтымында, 7-августта Кой-Таш айылында жабыркап, «Тез жардам» линиясы менен ооруканага түшкөндөрдүн саны 53. Дарыгерлер 21 кишиге жеринде жардам көрсөтүшкөн. Мунун алдында барымтадагы атайын кызматтын алты аскери коё берилген. Алардын саламаттыгын дарыгерлер текшерип жатат. Ушул тапта бир адам Чүй облустук ооруканасынын реанимациясында. Абалы орточо оор.
Кой-Ташка кошумча тез жардам бригадалары жөнөтүлдү
Кой-Таш айылына Чүй облусунун тез жардам кызматынан алты бригада жөнөтүлдү, аларга кошумча Бишкектен дагы беш бригада кетти. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, Кой-Ташка Чукул медицина борборунун башчысы Искендер Шаяхметов да кетти.
Кой-Ташта бүгүн мобилдик Интернет байланышы дээрлик жок болуп жатат. Саат кечки төрттөн кийин телефон байланышы да үзгүлтүккө учуроодо.
Бир аз мурдараак «Азаттыктын» кабарчылары Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө күч түзүмдөрү кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдоно баштаганын, чогулуп тургандар аларга каршылык көрсөтүп жатканын маалымдашкан. Андан бери алар менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.