Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40
Алмазбек Атамбаевди кармаган учурдагы видео
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:52 0:00

Мурдагы президент Атамбаев кармалды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалды (видео)

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү. Аны бүгүн, 8-августта саат 19:00дөр чамасында күч органдары үйүнөн кармап алып кетти. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кармалганын анын штабы да ырастады. "Азаттык" радиосуна келип түшкөн видеолордон Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баштаган күч органдары алып чыгып кетип баратканын көрүүгө болот. Маалыматтарда Атамбаев сүйлөшүүлөрдөн кийин колго түшүп берүүгө макул болгон. Аны Кой-Таштан Кант аркылуу Бишкекке алып келишти. Акыркы маалыматтарда ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы бүгүн, 8-августта саат 16ларда кайра башталган. Милиция темир дарбазаны чопкутталган машине менен сүзүп кирип, Атамбаевдин тарапташтарын короодон сыртка сүрүп чыгарган. Анда кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулганын «Азаттыктын» кабарчысы окуя болгон жерден кабарлаган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал баруудан баш тарткан.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин тарапкерлери аны суракка чакырууну "саясий куугунтук" деп атап, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө "элдик штаб" түзүп, топтолуп турушкан.

01:55

Кундуз Жолдубаева сурак берип бүткөн соң бошотулду

Адвокат Замир Жоошев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу боюнча Ички иштер министрлигинде күбө катары сурак бергенин маалымдады. Ал азыр бошотулду. Бирок, алар менен чогуу кирген Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жан сакчылары боюнча маалыматы жок экенин айтты.

01:20

Бишкектин айрым жерлеринде чогулгандар тарай элек

Бишкектин ар кайсыл жерлеринде башаламандыктар болуп жатканын социалдык тармак колдонуучулары жазууда. "Акипресс" агенттиги айрым жол кесилиштеринде "Коопсуз шаардын" көзөмөл камералары талкаланганын кабарлады.

9-августка караган түнү милиция борбордук Ала-Тоо аянтында топтолгондорду таратуу үчүн кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу заттарды колдонгон. Чогулгандар Ак үйдүн жанына келе баштаган болчу. Жаалданган топ түрдүү кыйкырыктар менен аянттагы темир тосмолорду жылдырып, унаа жолду жаап салышкан.

Алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары экени айтылууда. Кээ бирлеринин колунда союл бар.

Ички иштер министрлиги шаар толук көзөмөлдө экенин билдирди.

23:50

Жолдубаева, Ниязов жана Атамбаевдин жансакчылары милицияда кармалып турат

Саясатчы Равшан Жээнбековдун айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева, партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жансакчылары Ички иштер министрлигинин имаратында.

“Мага Кундуз жазыптыр ИИМге алып келди деп. Бирок аларды кандай негизде кармап отурганы айтыла элек. Убактылуу кармалуудабы же кандайдыр бир күнөө койгону жатабы белгисиз. Ал эми Атамбаевдин жактоочусу УКМКга кирип кетти”.

Бүгүн, 8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап алып кеткен. КСДПнын өкүлдөрү Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алынып келингенин кабарлашкан.

Кой-Таш операциясы: сүрөттө калган ирмемдер

Чогулгандар дөңгөлөктөрдү өрттөп жолду тосушту. 
1/19 Чогулгандар дөңгөлөктөрдү өрттөп жолду тосушту. 
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
Айрымдар журналисттердин камерага тартпоосун талап кылып таш менен коркутушту. 
2/19 Айрымдар журналисттердин камерага тартпоосун талап кылып таш менен коркутушту. 
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
Окуя Бишкектен Кой-Ташты көздөй бара турган жолдо, Кой-Ташка 8дей чакырым алыс жерде болду.
3/19 Окуя Бишкектен Кой-Ташты көздөй бара турган жолдо, Кой-Ташка 8дей чакырым алыс жерде болду.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
Атамбаевдин үйүнүн жанында отурган "Тез жардам" кызматынын дарыгери.
4/19 Атамбаевдин үйүнүн жанында отурган "Тез жардам" кызматынын дарыгери.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
Атмабаевдин үйү. 
5/19 Атмабаевдин үйү. 
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
Атайын бөлүктүн аскерлери кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонууда.
6/19 Атайын бөлүктүн аскерлери кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонууда.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
Кой-Таштан келаткан "Тез жардам" кызматынын унаалары. 
7/19 Кой-Таштан келаткан "Тез жардам" кызматынын унаалары. 
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
Атамбаевдин үйүнүн ичи талкаланды. 
8/19 Атамбаевдин үйүнүн ичи талкаланды. 
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
9/19
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
10/19
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
11/19
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
500дөй милиция кызматкери Кой-Таштан төмөнкү айылдарды аралап, Бишкекти көздөй түшүп келатат.
12/19 500дөй милиция кызматкери Кой-Таштан төмөнкү айылдарды аралап, Бишкекти көздөй түшүп келатат.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
Кой-Ташка жакын жердеги жол тосулду. 
13/19 Кой-Ташка жакын жердеги жол тосулду. 
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы 8-августта кечки саат төрттө башталган.
14/19 Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы 8-августта кечки саат төрттө башталган.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
15/19
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
8-августта Кой-Таштагы окуялардан улам медициналык мекемелерге 20 адам кайрылды. Жалпысынан кечээтен бери жабыркагандардын саны 98 адам жетти. 
16/19 8-августта Кой-Таштагы окуялардан улам медициналык мекемелерге 20 адам кайрылды. Жалпысынан кечээтен бери жабыркагандардын саны 98 адам жетти. 
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
17/19
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
Атамбаевдин үйүнүн ичи талкаланды. 
18/19 Атамбаевдин үйүнүн ичи талкаланды. 
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
19/19
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү.
Артка
Алдыга

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG