Акбар Кутлу памир кыргыздарынан чыккан саналуу сүрөткерлердин бири. Рахманкул хандын уулу жаштайынан Памир жергесинде көмүр менен сүрөт тартып, таштан айкел чегип баштаган. Түркиядагы Ван университетинде көркөм өнөрдөн сабак берген Кутлунун чыгармаларын бүгүн ал иштеген Эржиш шаарындагы кампустун көркөм өнөрканасынан көрө аласыз. Акбардын агасы, маркум сүрөтчү Малик Акбар да ушул жерде түрк студенттерине көркөм өнөрдөн сабак берген.
Памирлик Гапар Айтиев
![Акбар Кутлу (оңдо) Пакистандагы качкын турмуштун мезгилинде. Чет элдик кабарчылар менен жолугушууга келген кыргыздардын атынан сүйлөп жаткан кездеги сүрөт. 1970-жылдардын этеги.](https://gdb.rferl.org/44521610-bf78-419d-bb1e-c359bd5b65b3_w1024_q10_s.jpg)
1
Акбар Кутлу (оңдо) Пакистандагы качкын турмуштун мезгилинде. Чет элдик кабарчылар менен жолугушууга келген кыргыздардын атынан сүйлөп жаткан кездеги сүрөт. 1970-жылдардын этеги.
![Чыңгыз Айтматовдун Асели, Акбар Кутлу. Артында Малик Кутлу тарткан Түркиядагы кыргыздардын "Улуу Памир" айылынын көрүнүшү.](https://gdb.rferl.org/8551f26f-570e-4e0e-a082-ceddfe488d57_w1024_q10_s.jpg)
2
Чыңгыз Айтматовдун Асели, Акбар Кутлу. Артында Малик Кутлу тарткан Түркиядагы кыргыздардын "Улуу Памир" айылынын көрүнүшү.
!["Зомбулук" - Ооганстандагы кыздардын оор тагдырын чагылдырган айкел. Акбар Кутлу.](https://gdb.rferl.org/a471395b-4240-4bed-b0f1-a23086dc666d_w1024_q10_s.jpg)
3
"Зомбулук" - Ооганстандагы кыздардын оор тагдырын чагылдырган айкел. Акбар Кутлу.
![Советтик баскынчылыкка каршылык көрсөтүп көз жумган Мамала деген ооган кыздын айкели. Акбар Кутлу.](https://gdb.rferl.org/ab5bbbdc-f175-45f4-8bc1-2466d042b63e_w1024_q10_s.jpg)
4
Советтик баскынчылыкка каршылык көрсөтүп көз жумган Мамала деген ооган кыздын айкели. Акбар Кутлу.
![Акбар Кутлунун "Эмра жана Селви" айкели, Ван университети, Эржиш шаары, Түркия.](https://gdb.rferl.org/53ebf3c4-d264-4ed8-a9a6-8d0696c67e15_w1024_q10_s.jpg)
5
Акбар Кутлунун "Эмра жана Селви" айкели, Ван университети, Эржиш шаары, Түркия.
![Акбар Кутлунун Пакистандагы качкын турумуш маалында Ооганстандагы советтик оккупация боюнча тарткан сүрөтү.](https://gdb.rferl.org/dcda4492-b283-4169-b630-5cc3e45460c4_w1024_q10_s.jpg)
6
Акбар Кутлунун Пакистандагы качкын турумуш маалында Ооганстандагы советтик оккупация боюнча тарткан сүрөтү.
![Акбар атасы Рахманкулдун Гилгиттеги дүкөнүндө (Пакистан, 1970-жылдар). Акбарга күнүмдүк оокат менен алектенүүгө туура келсе дагы убактысынын көбүн көркөм өнөр менен өткөрүүгө анын үй-бүлөлүк турмуш шарты мүмкүндүк берген.](https://gdb.rferl.org/74ea6b16-bb4c-4453-93e8-606be5304968_w1024_q10_s.jpg)
7
Акбар атасы Рахманкулдун Гилгиттеги дүкөнүндө (Пакистан, 1970-жылдар). Акбарга күнүмдүк оокат менен алектенүүгө туура келсе дагы убактысынын көбүн көркөм өнөр менен өткөрүүгө анын үй-бүлөлүк турмуш шарты мүмкүндүк берген.
![Акбар Кутлунун түркиялык студенттеринин эмгектери.](https://gdb.rferl.org/9d43bafb-95cc-4ee6-a8cf-9553258ba6e3_w1024_q10_s.jpg)
8
Акбар Кутлунун түркиялык студенттеринин эмгектери.
![Акбар Кутлу атасы Рахманкул хан тууралуу кол жазмасынан окуп жатат. Акбар Кутлу ыр да жазат.](https://gdb.rferl.org/70087d57-e830-4f83-8520-01d918e5c923_w1024_q10_s.jpg)
9
Акбар Кутлу атасы Рахманкул хан тууралуу кол жазмасынан окуп жатат. Акбар Кутлу ыр да жазат.
![Акбар Кутлунун уулу Фатих (оңдо) Ван университетинде математикадан сабак берет. Рахманкул хандын неберелери Түркияга келген Памир кыргыздарынан биринчилерден болуп жогорку билим ала алышты. Сүрөттө Фатих атасынын кесиптеши профессор Салбеттин Улуат менен, Ержиш шаары, Түркия.](https://gdb.rferl.org/a7531185-d94e-44d4-aa2a-39ddaa8e17dd_w1024_q10_s.jpg)
10
Акбар Кутлунун уулу Фатих (оңдо) Ван университетинде математикадан сабак берет. Рахманкул хандын неберелери Түркияга келген Памир кыргыздарынан биринчилерден болуп жогорку билим ала алышты. Сүрөттө Фатих атасынын кесиптеши профессор Салбеттин Улуат менен, Ержиш шаары, Түркия.
![Фатих Кутлунун студенттери, Ван университети, Ержиш шаары, Түркия.](https://gdb.rferl.org/fef4a9a0-914c-4cf0-9896-0f6abe68be60_w1024_q10_s.jpg)
11
Фатих Кутлунун студенттери, Ван университети, Ержиш шаары, Түркия.
![Солдон оңду карай: памирлик кыргыз Салый, Малик Кутлу, Акбар Кутлу, Пол Салк. Мерсиндеги жолугушуудан аманат сүрөт, 2000-жылдар.](https://gdb.rferl.org/e431d20f-1d26-4ec8-acfe-6a888a58da8d_w1024_q10_s.jpg)
12
Солдон оңду карай: памирлик кыргыз Салый, Малик Кутлу, Акбар Кутлу, Пол Салк. Мерсиндеги жолугушуудан аманат сүрөт, 2000-жылдар.