Адам баласы көп учурда өзү өрчүп-өнүгүп, “алдыга” деген ураан менен жашоосун жашылдантсам дейт. Кичинекей кезинен эле көзүнө жакшы көрүнгөн, кулагына жагымдуу угулган нерселердин жанында гана айланып-тегеренгиси келет.
Кичинекейинде ата-эне балага үлгү катары бир адамды көрсөтүп, "ошондой бол, балам" десе, же болбосо азыркы эле медианын өнүккөн заманында телевизордон бир таасирдүү каарман көрө калса, бала дароо өзүнө аларды идеал катары кабыл алып, өзүн ошолорго карап түздөй баштайт.
Бирок бала чоңойгон сайын баарын ылгап өзүнүн шык, дараметине ылайык келечектеги жолун, кесибин тандап алат экен. Бул менин башыман өткөн көрүнүштөр. Мен да кичинекей кезимде көп кесиптин ээси болгум келчү. Бир туруп тартип коргоочу (милиция), бир туруп врач, же экономист, бир туруп юрист болууну эңсечүмүн. Акыры мектепти бүтөрүмө аз калганда "менин колуман эмне келет, мен ким боло алам" деп өзүмө суроо берип, абдан бушайман болдум. Бирок оюмду салмактап көрдүм: кайсы кесип меники, ал кесип менен эл керегине жарай аламбы.
Чоң атамдын (атамдын агасы) бир айткан сөзү бар мага: "Балам, жашооңдо эки нерсени туура танда - кесипти жана аялды. Себеби алар өмүр бою сени жандап жүрүшөт" деп. Мен бул сөздү эч эсимен чыгарбай келем.
Үйдөгүлөр буга чейин мени же мугалим же врач болосуң деп жүрүштү. Эч каршы пикир билдирбей унчукпай келдим. Бирок мен да жогорку класска келип калганымда аябай терең ойлонуп “мен мугалим болом” деген максатты алдыма бекем койдум. Албетте ошол учур адамды аябай калчай турган оор мезгил болуп калат экен. Ары толгонуп, бери толгонуп отуруп ошондой чечимге токтолдум.
Мен мугалимдик кесипти эмне үчүн тандадым?
Биринчиден, бир олуттуу себеби бар. Азыр башка мектептерди билбейм, бирок биздин мектептин билим деңгээли аябай түшүп кетти. Эски муундагы мыкты мугалимдердин саны суюлуп, жаңы жогорку окуу жайын сырттан бүтүрүп келген, билими тайкы педагогдор толуп алган. Алар өздөрү эч нерсе билбейт, балдарга да эч нерсе үйрөтө албай, балдардын убал-сообунан коркпой, болбогон бир пул үчүн мектепте мугалим болуп басып жүргөндөрүнө абдан зээним кейип, кабыл алган чечимимде бекем турдум. Экинчиден, өзүм үйдүн жалгыз уулу болгондуктан ата-энеме жакын болууну чечтим.
Эми азыр мугалим десе баары тең эле эптеп-септеген кесиптин ээсин элестетишет. Баары дароо эле министр же депутат болгулары келишет. Мен аларга айтаар элем мугалим элдик киши, элди агартып, керек болсо министр, депутаттар мугалимдин мөмөсү. Бекеринен айтпайт го экинчи ата-энең бул - мугалим деп.
Жыйынтыктап айтып кетчү сөз. Билим бул түгөнгүс булак. Адамдын жашоосу бүткөн жер, билимдин да бүткөн чеги болуп калат. Бул жашоодо бир гана жылтыраган байлыктын кулу болбойлу. Биз адамдар бири-бирибизди билген билимибиз менен алдыга сүрөп, жакшы жашоонун ачкычын издейли. Айтарым, сапаттуу билим алып, келечек-муунга сапаттуу билим берүүдөн эч аянбайлы. Мен да буюрса мыкты мугалим болуп, эл керегине жараган эр-азаматтарды даярдайм деген аруу тилек, ой-максаттарым бар. Бардык бүтүрүүчү досторума ак жол! Кесибиңиздерди туура тандайт деген ишеничтемин.
Айбек уулу Бердибек, Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы Мукаш Базаркулов атындагы орто мектептин 11-классынын бүтүрүүчүсү.