Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Абдурразоков: Кыргызстан - эркин жана керемет өлкө


Барзу Абдураззоков
Барзу Абдураззоков

Тажикстандык белгилүү театр режиссеру Барзу Абдурразоков Кыргызстан жана өлкө жашоочулары тууралуу ой бөлүшөт.

14-июнда Бишкектеги Орус драма театрында атактуу Николай Гоголдун "Акылынан айныгандын күндөлүгү" (Записки сумасшедшего) моноспектаклинин премьерасы болду. Оюнду сахнага белгилүү тажик режиссеру Барзу Абдурразоков даярдап чыгарды.

Драматург, режиссер, кино жана театр актеру, Тажикстандын Эмгек сиңирген артисти Барзу Абдурразоков Тажикстандагы Искусство институтун аяктап, андан кийин Москвадагы ГИТИС институтунда театр режиссеру өнөрүн окуган. Быйыл февраль айында Бишкекке көчүп келген. "Азаттык" радиосунун кабарчысы менен маектешип, ал Кыргызстан жана анын жашоочуларын кандай кабыл алып, кандай пикирде экенин айтып берген.

- Мен Кыргызстанга мурда деле келип-кетип жүрчүмүн. Спектакль коюп, кайра артка кайтчумун. Быйыл 26-февралда биротоло көчүп келдим. Эмне үчүн Бишкекти тандап алдым? Мындай суроону мага журналисттер көп эле беришет. Биринчиден, апам жашап аткан Дүйшөмбүгө Бишкектен самолет менен бир сааттык жол. Апам мени көргүсү келгенин айтаар замат, билет сатып ала коюп, бир сааттан кийин апамдын жанында болом. Экинчиден, кыргыздар менин элиме мүнөзү, жашоо-турмушу, башка да көп жагынан окшош, жакын туугандай элебиз. Мага баары эле тааныш, жат көрүнүш деле жок. Тили башка, андан башкасынын баары мага өз элимдей эле сезилет. Ошон үчүн дал ушул өлкөнү тандадым.

Бирок баары башынан эле азыркыдай жагымдуу болгон эмес. 2008-жылы Бишкекке жаңы келгенде көчөгө чыккандан коркчумун. Жаш Гвардия бульварында турат элем. Кечкисин жумуш бүтүп, репетиция аяктаганда, көчөгө чыгып таза абадан дем алып, ары-бери баскым келчү. Антейин десем же милиция асылат, же көчөдө кетип бараткан мас тийишет, кылаарга иши жок тентек балдар, гейлер, же сойкулар тынчыңды алышат. Көчөгө чыккандан чочулап үй менен театрдын ортосунда камалгандай абалда элем. Андан бери алты жыл өттү. Азыр бул өлкөнү таанып болбойт. Бул жөн эле көңүл улаган комплимент эмес, мен чындыкты айтып жатам. Америкада жашаган досторума, үйдөгү аялыма айтып түгөтө албайм - карагылачы, Кыргызстан укмуш өсүп-өнүгүп атат деп. Кечээ премьерадан кийин жубайым, досторум болуп Эркиндик бульварында сейилдеп бастык. Баары гүлдөп, музыка жаңырып турду. Супсулуу жетелешкен жаштар, түгөйлөр, келишимдүү керилген кыздар, балдардын күлкүсү, оюн аянтчалары... Мунун баары бир укмуш!

Кээ бир салт-санаа тууралуу

Мен үчүн бирден бир проблема - тил билбегеним. Дүйнө жүзүн көп эле кыдырдым, салыштырып айтсам болот. Мен үчүн бир нерсе түшүнүксүз - ар кандай эски ырым-жырымдарды катуу карманган кыргыздар эмне үчүн өздөрүн мусулманбыз деп аташат? Дагы бир мага жакпаган нерсе - өлгөнгө барганда дасторконго коюлган тамакты бөлүшүп, көтөрүп кеткендери. Кийинки коноктору келип, кайра кийинки дасторкондогуну жыйып кетишет, Менимче, бул копол, уят иш. Мындай кырдаалда адамдар тескерисинче, бири-бирин колдоп, жардамдашканы келиши керек го, тамак-ашты көтөрүп кетпей. Бул эч жараксыз эле салт, буга тыюу салуу керек. Андай салттын кимге кереги бар? Жакынын жоготуп, ансыз да өксүп тургандарга анын түк кереги жок! Ошентсе да, тамак-аш коюлган дасторконго целлофан баштыктар коюлуп, ага бышкан этти салмай... Салтты билбеген кишиге бул абдан эле өөн учурайт. Жакынын жоготкон адамга боор ооруп, кайгысын бөлүшкөнү келиштиби, же башка максатпы дегендей ой кетиши мүмкүн.

Мындай салт, балким, илгери көчмөн замандан калгандыр. Жүз жыл мурун бирөөнүн жакшылык-жамандыгына келгендер алыстан, тоо ашып барышкан.
Кайра жолго чыгаарда ачка болушпасын деп тамак-аш салып берсе керек жанына. Азыр эми ал жүз жыл мурунку салттын турмушка эч ылайыгы жок болуп атпайбы! Кыргыз туугандар мага таарынышпасын, бирок бул салт такыр жараксыз деп ойлойм.

Биз кыргызбыз да!

Кыргыздарда мага аябай жакканы - ачык-айрымдуулук жана ишенчээктик сапаттары. Кийинки цивилизация баштапкы мүнөздү бир аз өзгөртсө керек. Ошентсе да, кадимки тоолук кыргыздардын эң мыкты сапаты - жанына келген кандай адам болбосун ага жан дилинен ачык-айрым мамиле кылганы! Бул ушунчалык бир керемет сапат, балалык баёолук десем да жарашаар! Орусияда мергенчилер киши буту баспаган тайганы байырлаган куштар эч кимден коркпой, конгон жеринде отура берээрин айтып беришкен эле. Бутакта конуп турган жеринен андай канаттууну колуң менен кармап алып үйүңө баса берсең деле болот экен. Анткени ал канаттуу өмүрү бирөөнөн жамандык көргөн эмес, эч кимден корпойт, чочубайт. Кыргыздарда да ошондой сапат бар - баарына бирдей ачык жана ак пейил мамиле кылышат. Жакшы адамдарды көп кезиктирдим. Жаманынан жакшысы аябай эле көп. Негизи дүйнөдө боорукердик, жакшылык көп. Биз андай адамдарга дилибизди ачкандан тартынып жүрүп өтөбүз.

Кыргызстанда менин досторум көп. Жумушта чогуу иштегендер мага профессионалдык, чыгармачыл, жеке турмуштагы ой-санаасын, пландарын айтып бөлүшөт. Бул жакшы нерсе. Бир жолу Мольердин "Дон Жуанын" койдук театрда, эң аягында Сганарель Дон Жуанды тапанчадан атып өлтүрүшү керек эле. Ошол жолкусунда тапанчадан үн чыкпай, атылбай койду. Өлдүк! - деп өзүмдү ичтен жеп, эсим ооп кала жаздадым. Бир убакта эле жанымда тургандар "Корпоңуз! Актер жолун таап кетти, ал беркини кучактап жыгылып, муунтуп салды" деп жарыша айтып берип атышты. Мен шалдырап эле туруп калдым. Эртеси актер Марат Амираевден сурап атпаймынбы "сахнада турган жериңден ошону кантип ойлоп таба койдуң?" деп. Ал эч камаарабай "Биз деген кыргызбыз да!" деп жооп берип койду. Өзүнүн кыргыз экенине, элине сыймыктанып тургандай туюлду мага. Ичим жылый түшүп, кучактап ыраазычылыгымды билдирдим.

Кыргызстан - менин да мекеним

Эң башкысы - өзүбүзгө ишенели. Бизде, азиаттарда, бир өксүк бар. Европалык анте алат, биздин колубуздан келбейт. Немистер, жапондор кыйын, бизге ким коюптур дегендей сөздөрдү айта беребиз. Кудай эч кимди адамзаттын таштандысы кылып жараткан эмес, ал үчүн баары бирдей. Биз негедир өз күчүбүзгө ишенбей калганбыз. Ондогон жылдар бою бизди "чурка, бараны" дагы башка деп жүрүп басмырлап коюшкан. Ошол өксүктөн биротоло кутулуп, өзүбүзгө ишенсек, баары оңолот, өнүгөт. Өзүбүздүн машинебиз, техникабыз, деги баары болот. Колубуздан келет, биз да кыйынбыз деген ишеничти калыптандыруу керек.

Мен прессаны окубайм, телевизор көрбөйм. Мен Бишкектин көчөлөрүндөгү эркиндикти сезип, көрүп турам. Кечээ бир кыргызстандык досума айтып атпаймынбы, "элестет, Бишкекте күн алыс болуп аткан кээ бир окуя, көрүнүштөр Тажикстанда кылмыш, мыйзам бузуу, тартип бузуу деп эсептелмек" деп. Милиция кармап кетип, же таш бараңга алышмак. Кыргызстан бир керемет, эркин, абдан кооз өлкө. Бул чындык.

Мен чын дилимден Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүн тилейм. Менин эки мекеним бар, анын бири - Кыргызстан. Баары тезирээк өнүгүү жолуна түшсө экен! Театрды эле алалы, актерлор ачка калбай, айлыгы көбөйсө экен. Буфетке баратканда, ушуну алсамбы-албасамбы, акчам жетеби-жетпейби деп түйшөлбөсө экен. Чет өлкөгө барганда өзүнүн улуттук желеги көтөрүлүп, гимни аткарылганда баары сыймыктанышса экен! Баары бирдей "Алга, Кыргызстан!" деген ураан таштасын. "Кайсыл алыбызга, арыбызга таянып атабыз" деген ой эч кимде болбошу керек. Өзүбүзгө ишенели, туугандар.

Кыргызстан гүлдөп-өнүгүүгө татыктуу өлкө. Далай кайгы-капалуу күндөрдү баштан кечирди. Эми мындан ары келечеги кең экенине мен бөркүмдөй ишенем. Ортодон эле бирөөлөр бузукулук кылып, ичтен иритип Донецк, Луганскка айландырып ийбесе, эмнени айтып атканымды баарыңар түшүнөсүңөр. Буюрса баары мыкты болот. Андан эч шегим жок. Өлкөңөр ылайым өнүп-өссүн!

Маектешкен "Азаттыктын" кабарчысы Жылдыз Ороспакова

Кыргызчалаган Венера Сагындык кызы
XS
SM
MD
LG