Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Элимдин көрөңгөсү: Памирге саякат

Төрт жылдан бери сары өзөн Чүйдү жердеген сарыколчу Убайдылда Шайымов жакында киндик каны тамган айылына барды. Түштүк Памирдин Баш-Күмбөз айлында өзү иштеген мектептен кабар алып, жээнин күйөөгө берип, айылдын турмушунан кабар алып кайтты.

Сары-Кол өрөөнүндө жайгашкан Памирдин Мургаб районун жайкысын чет элдик туристтер каптап кетет, ал эми кышкысын беш миң метрге чукул келген Ак-Байтал даванын ашып, ал жакка зарыл иши барлар гана барат. Бул эрежени бузуп, сарыколчу Убайдылда Шайымов Мургабдын Баш-Күмбөз айылына кыштын кыраан чилдесинде барды. Мургабда кышында сууктун күчү 40-45 градуска чейин жетип, карыз аз, кара суук өкүм сүрөт. Убайдылда Баш-Күмбөздө сегиз жыл айыл мектебинде башталгыч класстарда сабак берген, кыргыз адабиятын сүйүп окуйт, Алыкулдун ырларын жатка билет. Кыргызстанда Убайдылда жайкысын курулушта иштейт. Кышында колу бош, анын үстүнө жээнинин тоюна карап, ызгаарда жолдун кыйындыгына карабай, алыскы айылына барды.

16x9 Image

Жаңыл Жусупжан

"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011). 

XS
SM
MD
LG