Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Алтын уурдаган жетекчилер колго түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Солтон-Сары кенин иштеткен компаниянын жетекчилери курамында алтын бар кошулма уурдап бараткан жеринен кармалды. Ушундан улам компаниянын жетекчилери камакка алынып, жооптуу 18 кызматкер иштен четтетилди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматы боюнча уурдалган жүктүн көмүскө базардагы баасы болжол менен 4 миллион сомду түзөт. Бул факт өткөн жылдын 27-декабрында Нарын районунун Оттук айылында катталган.

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын Солтон-Сары кениндеги алтын өндүрүүчү фабрикасынан курамында алтын бар кошулма уурдаган топ кармалганы тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов буларды айтты:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

- «Мерседес-Спринтер» автоунаасынан 1500 кг. салмактагы 35 капка салынган алтын кошулмасы табылган. Кармалган жүктүн көмүскө базардагы баасы болжол менен 4 миллион сомду түзөт. Окуядан кийин Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен иш козголуп, Солтон-Сары кенин иштеткен ишкананын башчысы, алтын фабрикасынын директору жана адиси камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул окуяга байланыштуу «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы да ички иликтөөнү жүрүзүүдө. Анын негизинде Солтон-Сары кенин иштеткен компаниянын 18 кызматкери иштен четтетилди. Алардын алтын уурдоо ишине катышы бар-жогу аныкталмайынча кызматка алынбайт. Ишкананын басма сөз катчысы Толкун Камчыбекова иликтөө уланып жатканын айтты:

- Учурда УКМК тиешелүү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. «Кыргызалтын» ишканасынын коопсуздук кызматы ички иликтөө ишин баштаган. Азырынча жооптуу 18 кызматкер убактылуу иштен четтетилди. Ал эми Солтон-Сары алтын кени ишин токтоткон жок.

Маалыматка ылайык, фабрикада иштеген айрым адамдар кошулманы чыгарып, Нарын жана Чүй облусунун аймагында сатып жүрүшкөн.

Солтон-Сары алтын кениндеги ишкана - «Кыргызалтын» мамкекеттик ишканасынын өндүрүштүк филиалдарынын бири. Кенде 150 киши иштейт. Ишкана Нарын районунун Эмгекчил, Миң-Булак айылдарына тийиштүү Солтон-Сары жайлоосунда жайгашкан.

Эмгекчил айылынын тургуну Жаныбек Сопиев ишкананын кызматкерлери алтын кошулмаларын буга чейин эле фабрикадан мыйзамсыз чыгарган учурларды көрүп жүргөнүн айтты: - «Токтоткула» деп эскертип эле келгенбиз. Бирок бизди угушкан эмес. Алар баары бир кармалмак. Эми өз жазасын алышсын.

2017-жылы Нарын облустук ички иштер башкармалыгы Солтон-Сары кениндеги «Кыргызалтын» ишканасынын кампасынан алтын кошулмаларын уурдоо аракетин кармаган жайы бар. Ага тиешеси бар деген шек менен эмгекчилдик 23 киши сурак берген.

Ошол кезде айтылган маалымат боюнча, Эмгекчил айылынын 30-40тай тургуну кампага уруксатсыз кирип, алтын кошулмаларын жүктөп кетүүгө аракет кылган. Бирок бул иш милиция кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен токтотулган.

Солтон-Сарынын солго кеткен алтыны
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:59 0:00

«Азаттыктык» архиви. 11-март 2016-жыл.

Ал эми эмгекчилдиктер ошол эле кезде «Кыргызалтындын» кызматкерлерин айыптап, «алар да алтын уурдап, айрым адамдар менен пайдасын тең бөлүшүп жүргөн» деп айтып чыгышкан.

Солтон-Сары алтын кени Кен-Бучук, Ак-Таш, Алтын-Төр деген үч участоктон турат. Кен чыккан жердеги алтындын болжолдуу кору 20 тоннага жакын. Казуу иштери 1994-жылы башталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG