Токмок шаардык кеңешине шайлоодо "Бирге-Вместе" партиясы башкаларга караганда көбүрөөк добуш алды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы эсебине ылайык, бул шаарда ат салышкан алты партиянын ичинен бийликчил "Ата-Журт - Кыргызстан" партиясынан башкаларынын баары жети пайыздык чектен ашты.
Саат 21:00гө карата жыйынтык төмөнкүчө:
"Бирге-Вместе" - 28,27%,
-"Эмгек" партиясы - 24,82%,
-"Асыл мурас - жаштар" партиясы - 16,66%,
-"Патриот ынтымагы" - 13,69%,
-"Эл биримдиги" - 12,13%,
-"Ата-Журт - Кыргызстан" - 1,65%.
Утуп чыгуу үчүн партиялардын добушу жети пайыздык чектен ашышы керек.
Токмокто 38 миңден ашуун шайлоочу бар. Саат 18:00гө карата алардын 35 пайыздан көбү катышты.