Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:27
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.

Шайлоо: сатылган добуш, эрегишкен партиялар

11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өттү.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

10-июлда ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочулар добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бишкекте 426 699, Ошто 152 718, Токмокто 38 100 шайлоочу бар.

Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны 617 517.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

19:12 11.7.2021

Борбордук шайлоо комиссиясы үч шаардагы кайра шайлоого саат кечки алтыга чейин 155 707 адам (25,22%) катышканын билдирди.

Алдын ала эсепке ылайык, Бишкекте 85 411 (20.02%), Ошто 56 610 (37,07%), ал эми Токмокто 13 686 ( 35,27%) шайлоочу келди.

Үч шаардагы кайра шайлоого 26 партиядан 2200дөн көп талапкер катышып жатат.

18:41 11.7.2021

18:38 11.7.2021

Шайлоо тууралуу талкууну түз эфирден көрүңүз.

18:04 11.7.2021

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди. Кармалгандардын жанынан 20 миң сом табылганын айтты. Макилов канча адам кармалганын тактаган жок.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергеп-иликтөө уланып жатат.

Милициянын маалыматына ылайык, добуш сатып алууга байланыштуу Бишкекте 11, шайлоочуларды ташуу тууралуу үч арыз түшкөн. Токмокто болсо шайлоодогу мыйзам бузуу тууралуу тогуз, ал эми Ошто беш билдирүү алынган. Алардын айрымдары кылмыштын курамы жок деген негизде иликтенген эмес.

Мунун алдында шайлоого байкоо жүргүзгөн "Жалпы иш" коомдук фонду добуш берүү күнү түшкө чейин Бишкек менен Ош шаарларында мыйзам бузулган 22 учур катталганын билдирген. Уюм Токмок шаарында мындай факты болбогонун маалымдаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG