Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:52
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.

Шайлоо: сатылган добуш, эрегишкен партиялар

11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өттү.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

10-июлда ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочулар добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бишкекте 426 699, Ошто 152 718, Токмокто 38 100 шайлоочу бар.

Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны 617 517.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

17:27 11.7.2021

Шайлоодон кийин кандай өзгөрүүлөрдү күтөсүз?

Шайлоодон кийин кандай өзгөрүүлөрдү күтөсүз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:27 0:00

17:11 11.7.2021

16:18 11.7.2021

Шайлоого байкоо жүргүзгөн "Жалпы иш" коомдук фонду добуш берүү күнү түшкө чейин Бишкек менен Ош шаарларында мыйзам бузулган 22 учур катталганын билдиди. Уюм Токмок шаарында мындай факты болбогонун маалымдады.

"Жалпы иштин" маалыматына ылайык, Бишкекте алты добушкананы ачууда эреже сакталган эмес, добуш берүүнүн купуялуулугу бузулган төрт, добуш сатып алууга аракет жасалган эки учур болгон. Уюм саясий партиянын өкүлдөрү шайлоочулардын тизмесин көзөмөлдөгөн бир учурду каттаган.

Ошто аталган фонд беш шайлоо участкасы эреже-талапты бузуу менен ачылганын билдирди. Партиялардын өкүлдөрү шайлоочулар тизмесин көзөмөлдөгөн эки факты катталды. Эки добушканада чоочун адамдар болгон.

Ош милициясы шайлоого байланыштуу түшкө чейин мыйзам бузуу катталбагын билдирген. Ички иштер министрлиги Бишкекте добуш сатып алуу фактылары иликтенерин кабарлаган.

15:30 11.7.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG