Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:30
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.
Токмок шаардык кеңешине кайра шайлоо. 2021-жыл, 11-июль.

Шайлоо: сатылган добуш, эрегишкен партиялар

11-июлда Бишкек, Ош, Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өттү.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

10-июлда ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочулар добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бишкекте 426 699, Ошто 152 718, Токмокто 38 100 шайлоочу бар.

Кыргызстан боюнча шайлоочулардын жалпы саны 617 517.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

17:49 10.7.2021

Президент Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого добуш берди

Президент Садыр Жапаров 10-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоо тилкесинен тышкары добуш берди.

Президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова. 10-июль, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова. 10-июль, 2021-жыл.

Президенттин басма сөз кызматы бир күн мурда президенттин жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус чыккандыктан участкалык шайлоо комиссиясы көчмө добуш берүүнү уюштурганын кабарлады.

“Президент тапшырган ПЧР тестинин жыйынтыгында коронавирус инфекциясы чыккан жок”, - деп айтылат маалыматта.

Мыйзам боюнча участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесине киргизилип бирок ден соолугуна байланыштуу же мыйзамда көрсөтүлгөн башка себептерден улам добушканага келе албаган шайлоочуларга добуш берүүгө бир күн калганда шайлоо тилкесинен тышкары жайда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.

17:47 10.7.2021

Ош: "Ынтымак" партиясы шайлоодон четтетилди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-июлга караган түнү өткөргөн жыйынында "Ынтымак" партиясын Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодон четтетти.

Буга "Жалпы иш" коомдук фондунун арызы негиз болду. Фонд Ош шаардык милициясы партиянын талапкерин добуш сатып алууга шектүү катары кармаганын, ага карабай Ош шаардык аймактык комиссиясы партияны шайлоодон четтетүүдөн баш тартканын билдирди. Ушундан улам алар бул чечимге каршы Боршайкомго кайрылган.

"Ынтымак" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев ал жетектеген партиядан талапкер добуш сатып алууга шек саналып кармалып, кайра коё берилгенин ырастады. Ал БШКнын жыйынында талапкердин мыйзамсыз ишке барарын билбегенин айтып, Боршайкомдун мүчөлөрүн партияны шайлоодон чыгарбай турууга чакырды.

10-июлда Марлен Маматалиев "Ынтымак" партиясы Ош шаарындагы шайлоого катышуудан өзү баш тартканын жарыялады. Анын билдирүүсүндө Ошто мыйзамсыздык болуп, айрым партияларга каршы тандалма күрөш жүрүп жатканы айтылды.

Ош шаардык милициясы 7-июлда шайлоочуларга акча сунуштаган төрт кишини кармаган. Алардын экөө талапкер болуп чыккан. Текшерүү учурунда алардын жанынан жашоочулардын тизмеси жана 115 миң сом табылган. Милиция кармалгандар кайсы партиянын талапкерлери жана үгүтчүлөрү экенин ачык жарыялаган эмес. Бирок алардын бири 1959-жылы туулган Л.Б. аттуу жаран экени белгиленген. Кийинчерээк ал "Ынтымак" партиясынан шаардык кеңешке талапкер Бахадир Латиханов экени белгилүү болгон.

Ошто шаардык кеңешке кайра шайлоого тогуз партия - "Ынтымак", "Улуу Журт", "Бир Бол", "Бүтүн Кыргызстан", "Ата-Журт - Кыргызстан", "Улуттар Биримдиги", "Келечек-Будущее", "Нур" жана "Биздин Кыргызстан" катышып жаткан. "Ынтымак" шайлоодон четтетилип сегиз партия калды.

17:45 10.7.2021

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо алдындагы жымжырттык күнү 10-июлда эртең менен саат 8:00дө башталды.

Бул убакыттан тарта талапкерлер үгүт иштерин токтотууга тийиш. “Жымжырттык күнүндө” эл аралап үгүт жүргүзүүгө, маалымат каражаттары аркылуу жарнамаларды жарыялоого тыюу салынат. Бирок буга чейин көчөлөргө илинген көрнөк-жарнактар кала берет. Аларды алып салуу жөнүндө талап жок.

XS
SM
MD
LG