Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Жапаров: Мыйзамдын диктатурасын орнотобуз

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров - 6,60%, Бабыржан Төлбаев - 2,31%, Мыктыбек Арстанбек - 1.66%, Абдил Сегизбаев - 1.46%, Имамидин Ташов - 1.19%, Клара Сооронкулова - 0.98%, Аймен Касенов - 0.91%, Улукбек Кочкоров - 0.69%, Канатбек Исаев - 0.57%, Бактыбек Калмаматов - 0.50%, Курсан Асанов - 0.50%, Элдар Абакиров - 0.50%, Равшан Жээнбеков - 0.19%, Каныбек Иманалиев - 0.16%, Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%, Арстанбек Абдылдаев - 0.08%. Баарына каршы - 1,32%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор - 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.

3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

08:51 10.1.2021

Баткенде бейтаптар менен дарыгерлер добуш бербейт

Баткенде COVID-19 илдетине байланыштуу ооруканада дарыланып жаткан 36 бейтап жана кызыл зонада иштеп жаткан 38 дарыгер добуш берүүгө катыша албайт. Бул тууралуу Облустун губернатору Жаныбек Жалалов билдирди. Анын айтымында "кызыл зонага" кирүү жана шайлоо шаймандарын алып баруу кыйынчылыктарды жаратат.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын бир күн мурдагы маалыматына караганда өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 81 991 адамга жетти. Алардын 77 547си сакайды. Соңку бир күндө 171 адам ооруканалардан айыгып чыккан.

08:53 10.1.2021

10-январдагы президенттик шайлоо жана референдумда мыйзамсыздыктар болбосун өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Айбек Бузурманкулов "Азаттыкка" билдирди.

Айбек Бузурманкулов.
Айбек Бузурманкулов.

Ал Талас облусунун Көк-Токой айылындагы № 6080 участогунда добуш берип жатып, мыйзамсыз иштерди болтурбоого аракеттенерин белгиледи:

«Шайлоочулар үчүн бардык шарттар түзүлдү. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Мыйзамсыз иштер болбойт деп ишенебиз. Октябрдагы окуялардан эл сабак алды деп ойлойм".

Жалпы Талас облусунда 117 шайлоо тилкеси, 157 886 шайлоочу бар.
Облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, Таласта 500дөн ашуун милиция кызматкери тартипке көз салып жатат.

09:14 10.1.2021

Жер-жерлердеги добуш берүү.

09:16 10.1.2021

БШКнын мурдагы өкүлү Атыр Абдрахматова участоктордогу айрым мүчүлүштүктөр тууралуу жазды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG