Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:10

Жапаров: Мыйзамдын диктатурасын орнотобуз

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров - 6,60%, Бабыржан Төлбаев - 2,31%, Мыктыбек Арстанбек - 1.66%, Абдил Сегизбаев - 1.46%, Имамидин Ташов - 1.19%, Клара Сооронкулова - 0.98%, Аймен Касенов - 0.91%, Улукбек Кочкоров - 0.69%, Канатбек Исаев - 0.57%, Бактыбек Калмаматов - 0.50%, Курсан Асанов - 0.50%, Элдар Абакиров - 0.50%, Равшан Жээнбеков - 0.19%, Каныбек Иманалиев - 0.16%, Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%, Арстанбек Абдылдаев - 0.08%. Баарына каршы - 1,32%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор - 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.

3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

23:22 10.1.2021

Мамытканов: Шайлоону бурмалоо, административдик ресурсту колдонуу болгон жок

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов 10-январда өткөн президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш сатуу же сатып алуу болбогонун “Азаттыктын” "Эксперттер талдайт" программасында билдирди.

“Эң башында элге таза шайлоо өткөрөбүз деп убада бергенбиз. Биз убадабызга турдук. №2 форма болгон жок. Шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо, добуштарды сатып алуу сыяктуу ыкмалар колдонулган жок. Эң негизгиси административдик ресурс бул шайлоодо колдонулган жок”.

Мамытканов ошондой эле шайлоонун толук жыйынтыгы чыга элек экендигин билдирип, алгачкы көрсөткүч менен акыркы көрсөткүчтүн ортосунда олуттуу айырма болбостугун белгиледи.

Кыргызстанда 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыялана баштады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчүнө караганда талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 22:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду. Президенттик кызмат үчүн 17 талапкер ат салышты. Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 38%дан ашыгы катышты.

23:11 10.1.2021

23:10 10.1.2021

Садыр Жапаров: Мурдагы бийликтердин каталары кайталанбайт

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) соңку маалыматы боюнча 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо добуштардын 79,2% алып, алдыга чыккан талапкер Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрүп, жакынкы үч-төрт жыл аралыгында элдин колдоосуна бүгүнкүдөн да көбүрөөк муктаж боло турганын айтты. Ал өзүн колдогон шайлоочуларга ыраазычылыгын билдирди.

"Ар бир кыргызстандык коррупцияга каршы күрөшүүгө мага жардам бериңиздер. Биз мурдагы бийликтердин катасын кайталабайбыз. Баары ачык болот. Өкмөттүн эшиги ар дайым эл үчүн ачык болот. Биз саясий куугунтукка жол бербейбиз. Кимдир бирөө мыйзам бузса мыйзам чегинде жол бериши керек", - деген Садыр Жапаров элдин колдоосу жана саясий туруктуулук болсо, эки-үч жылда кризистен чыгып кетүүгө көзү жете турганын кошумчалады.

БШКнын акыркы маалыматына караганда, кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга шайлоочулардын 38,70% катышты. Бул эсеп саат 21:50гө карата чыгарылган.

Добуш берүүгө акылуу кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

23:07 10.1.2021

Садыр Жапаров: Мурда шайлоолор жасалма жол менен өтүп келген. Форма эки дегенди ойлоп табышкан. Мындан кийин шайлоолор жасалма жол менен өтпөшү керек.

Мен саясатчыларды бириктирүүгө аракет кылам. Ким аны каалабаса, өз иши.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG