Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Жапаров: Мыйзамдын диктатурасын орнотобуз

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров - 6,60%, Бабыржан Төлбаев - 2,31%, Мыктыбек Арстанбек - 1.66%, Абдил Сегизбаев - 1.46%, Имамидин Ташов - 1.19%, Клара Сооронкулова - 0.98%, Аймен Касенов - 0.91%, Улукбек Кочкоров - 0.69%, Канатбек Исаев - 0.57%, Бактыбек Калмаматов - 0.50%, Курсан Асанов - 0.50%, Элдар Абакиров - 0.50%, Равшан Жээнбеков - 0.19%, Каныбек Иманалиев - 0.16%, Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%, Арстанбек Абдылдаев - 0.08%. Баарына каршы - 1,32%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор - 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.

3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

21:59 10.1.2021

21:43 10.1.2021

Президенттик шайлоодо бардык талапкерлерге тең мүмкүнчүлүк берилген жок. Бул тууралуу президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев шайлоонун жүрүшү тууралуу "Азаттыкка" берген комментарийинде билдирди.

"Бир тараптуу түрдө, бардык административдик ресурс колдонулду. Мамлекеттик кызматкерлерди кыйнап, ошолордун добушун алганга аракет кылды. Кара пиар материалдары 7-канал жана башка ресурстар аркылуу чагылдырылды. Биз келечектүү Кыргызстанда куруу боюнча аракеттерибизди улантабыз. Ар бир сурообузду мындан ары да коебуз. Башка да суроолорубуз бар. Ошолорго жооп тапканга аракет кылабыз. Ким бийликке келбесин кемчиликтерди көрсөтүп, сынга алууну уланта беребиз ", - деди Сегизбаев.

Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоо менен кошо башкаруу тартибин аныктаган референдум өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү боюнча талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

21:41 10.1.2021

Президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков 10-январда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын реалдуу натыйжа катары кабыл аларын «Азаттыкка» айтты:

«Азыр эми бардык жыйынтык чыгып жатат, кагазга. Балким бир аз айырма болушу мүмкүн. Мындан ары мен кандай саясат жүргүзсөк ошол жол менен уланта беребиз».

Кыргызстанда 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыялана баштады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду. Равшан Жээнбеков - 0.19% добуш алды.

21:34 10.1.2021

Адахан Мадумаров: Биз кызматтын кулу эмеспиз. Мыйзамдуу талаага келсин деп жатабыз. Эл толук колдогон жок Жапаровду. Кимдер колдоп атканын көрүп турасызбы? Кыргызстандын элине боор ооруйт. Качан болбосун бийлик башына күмөндүү бирөөлөр келет. Бийлик басып алуу адат болуп калды. Бүгүнкү шайлоого элдин келбегени - бул бойкот. Ар бир шайлоо болгон сайын элдин көзү ачыла баштады. Эл эртең-бүрсүгүнү бат эле түшүнөт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG