Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Жапаров: Мыйзамдын диктатурасын орнотобуз

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров - 6,60%, Бабыржан Төлбаев - 2,31%, Мыктыбек Арстанбек - 1.66%, Абдил Сегизбаев - 1.46%, Имамидин Ташов - 1.19%, Клара Сооронкулова - 0.98%, Аймен Касенов - 0.91%, Улукбек Кочкоров - 0.69%, Канатбек Исаев - 0.57%, Бактыбек Калмаматов - 0.50%, Курсан Асанов - 0.50%, Элдар Абакиров - 0.50%, Равшан Жээнбеков - 0.19%, Каныбек Иманалиев - 0.16%, Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%, Арстанбек Абдылдаев - 0.08%. Баарына каршы - 1,32%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор - 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.

3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

17:41 10.1.2021

17:32 10.1.2021

Бишкек убактысы боюнча саат 16:00гө карата кезексиз президенттик шайлоого шайлоочулардын 26,59% (947 614 адам) катышты. Ал эми башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш бергендер 26,55% (946 104 адам) түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалыматына караганда, добуш берүүнүн көрсөткүчү Ысык-Көл облусунда 31,61%, Ош шаарында 30,57% ашты. Нарын облусунда 30,21%, Баткен облусунда 27,84%, Жалал-Абадда 27,33%, Ош облусунда 26,79%, Талас облусунда 24,98%, Бишкекте 25,24% жана Чүй облусунда 22,39% тегерегинде шайлоочулар добуш берди.

Чет өлкөлөрдө 7384 шайлоочунун 14,92% добушу берди. 28 чет өлкөдө 48 шайлоо тилкеси ачылган. Азырынча бир добуш берүү участогу - АКШнын баш калаасы Вашингтондогу элчиликтен орун алган добушкана ишин баштай элек.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Кыргызстандын өзүндө 2438, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.

Добушканалар эртең менен саат 8:00дө ачылган, кечки саат сегизде добуш берүү токтотулат.

17:31 10.1.2021

Президенттик шайлоону "өттү" деп жарыялоо үчүн пайыздык чек каралган эмес. Жыйынтык шайлоочулардын канча пайызы катышса, ошого жараша чыгарылат. Добуш бергендердин жарымынан көбүнүн колдоосуна ээ болгон талапкер утат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" билдирди.

"Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" конституциялык мыйзамына 56-беренесине ылайык, талапкерлердин бири да шайлоочулардын эң көп добушун ала албаса, анда БШК шайлоочулардын кыйла көп добушун алган эки талапкер боюнча кайра добуш берүү (2-тур) дайындалат.

БШК шайлоо өткөндөн кийин 20 күндөн кечиктирбестен, шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого тийиш.

Ал эми референдумду "өттү" деп жарыялоо үчүн шайлоочулардын 30% көбү добуш бериши керек.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

17:25 10.1.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG