Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Шайлоо: добуштар кол менен саналууда

29-ноябрда түнкү саат 2деги БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 5% босогодон алты партия өттү.

Алар: “Ата-Журт Кыргызстан” – 16,41%, “Ишеним” – 13,17%, “Ынтымак” – 10,62%, “Альянс” – 8,06%, “Бүтүн Кыргызстан” – 6,58%, “Ыйман Нуру”партиясы – 5,93% добуш алды.

Келген шайлоочулардын 2,11% же 26927 жаран “баарына каршы” деген добуш берген.

Парламенттик шайлоого 1 миллион 275 239 жаран келди. Бул шайлоого укуктуу жарандардын 34,43% түзөт.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, талапкер болууга дегенде 381 жаран арыз берип, алардын 330у катталган. Кийинчерээк 47си өз арызы менен, экөө БШКнын чечими менен талапкерликтен чыгарылган.

Ошондой эле 21 партиянын тизмесинде 1004 талапкер депутаттык мандат үчүн күрөштү.

Кыргызстандагы жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет 90 депутатка мандат берилет. Партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Бул жолу шайлоочулар эки бюллетень менен добуш берди.

11:56 29.11.2021

Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого эл аралык байкоочулар өз баасын бере баштады. КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы, аткаруучу катчы Сергей Лебедев шайлоо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өткөнүн белгиледи. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын добуштардын алда ала жыйынтыгын көрсөткөн сервериндеги мүчүлүштүктөргө токтолуп, добуштарды ачык-айкын эсептөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүнө ишеним билдирди.

Ушул эле күнү Түрк тилдүү парламенттик ассамблеясынан (ТүркПА) келген байкоочулар дагы шайлоонун жүрүшү боюнча маалымат берди. Түркиянын депутаты Режеп Шекер Кыргызстанда шайлоо жогорку уюшкандыкта, Кыргызстандын жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өткөнүн, өзгөчө майыптыгы бар жарандарга бардык шарттар, мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн белгиледи.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. БШКнын электрондук добуш санагынын жыйынтыгында:

12:20 29.11.2021

Ислам кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын башчысы Адамо Бабакар 29-ноябрдагы маалымат жыйынында Кыргызстандагы парламенттик шайлоо таза өтүп, ага жарандар активдүү катышты деген пикирин билдирди.

"Шайлоо процесси бардык мыйзамдарга жана эл аралык нормаларды эске алуу менен өткөрүлдү. Шайлоо участоктору добуш берүүнүн заманбап техникалары менен жабдылган. Шайлоого аялдар да активдүү катышты, мындан ары да ушундай активдүүлүгүнөн жазбаса дегим келет. Бул шайлоолордун жыйынтыгы ийгиликтүү болду".

Адамо Бабакар акыркы жылы Кыргызстанда бир нече шайлоолор өткөнүн белгилеп, өлкө бийлигинин демократиялык институттарды түзүү аракети ишке ашты деп кошумчалады.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын шайлоонун жүрүшүнө 700дөн ашуун эле аралык байкоочу көз салды.

13:05 29.11.2021

"Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров 28-ноябрдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу анын жакын тууганы билдирди.

“Кечээ түштө № 44 мектепке добуш берүү үчүн кеткен экен. Ошол бойдон байланышка чыккан эмес, телефону өчүк. Аялы дагы каякта экенин билбей жатат”, - деди Мияровдун жакын тууганы Мирлан Мамытов.

Мамытовдун айтымында, саясатчыны Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кармап кетиши мүмкүн.

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы бул тууралуу маалыматты тактап жатышканын билдирди.

13:58 29.11.2021

Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйыны түштөн кийинкиге жылдырылды.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова саат 11:00дө басма сөз жыйынын өткөрөрүн "Твиттердеги" баракчасына жазган. БШК маалымат жыйыны саат 12:00гө белгиленгенин билдирген. Бирок убактысы дагы өзгөргөнү белгилүү болду.

БШКнын басма сөз кызматы маалымат жыйыны качан өтөрү азырынча белгисиз экенин, кошумча маалымат бериле турганын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG