Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:49

Шайлоо: добуштар кол менен саналууда

29-ноябрда түнкү саат 2деги БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 5% босогодон алты партия өттү.

Алар: “Ата-Журт Кыргызстан” – 16,41%, “Ишеним” – 13,17%, “Ынтымак” – 10,62%, “Альянс” – 8,06%, “Бүтүн Кыргызстан” – 6,58%, “Ыйман Нуру”партиясы – 5,93% добуш алды.

Келген шайлоочулардын 2,11% же 26927 жаран “баарына каршы” деген добуш берген.

Парламенттик шайлоого 1 миллион 275 239 жаран келди. Бул шайлоого укуктуу жарандардын 34,43% түзөт.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, талапкер болууга дегенде 381 жаран арыз берип, алардын 330у катталган. Кийинчерээк 47си өз арызы менен, экөө БШКнын чечими менен талапкерликтен чыгарылган.

Ошондой эле 21 партиянын тизмесинде 1004 талапкер депутаттык мандат үчүн күрөштү.

Кыргызстандагы жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет 90 депутатка мандат берилет. Партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Бул жолу шайлоочулар эки бюллетень менен добуш берди.

19:05 28.11.2021

Парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттерде 59 добушкана ачылган. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 18:00дөгү маалыматка караганда 84 128 шайлоочунун 6 609у же 7,86% добуш берди.

19:07 28.11.2021

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы 28-ноябрда, саат 18:00ге карата облустук милиция тарабынан добуш сатып алууга байланыштуу беш, административдик ресурс колдонуу боюнча 11 арыз-даттануу катталганын кабарлады.

Ага ылайык, шайлоо күнү Араван, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана облустук милициянын кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана тартипти көзөмөлдөөдө. Жалпы 515 шайлоо участогуна 1500ден ашуун милиция кызматкери бөлүнгөн.

Оштун Кара-Суу районунун №5301 шайлоо участогунунун алдында белгисиз аялдар пайда болуп, «Клооптун» кабарчысынын суроолоруна жооп бербей качып жөнөшкөн.

19:32 28.11.2021

"Клооп медианын" байкоочулары 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо саат 19:00гө карата 357 мыйзам бузууну катташты. Бул тууралуу уюмдун сайтында маалымдалды. Анын ичинде добуш сатып алуу, добушканада үгүт жүргүзүү, шайлоочуларга басым жасоо, шайлоочуларды добушканага ташуу, байкоочуларды добушканадан кууп чыгуу сыяктуу көрүнүштөр бар.

«Клооптун» журналисттери Кара-Суу районундагы Жаңы-Маала айылында жайгашкан №5221 шайлоо участогунда Ош ОИИБнин начальниги Жеңишбек Абитовду көрдү. Ал участоктун жанында жарандык формада болгон.


19:33 28.11.2021

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчи орун басары Тынчтык Шайназаров бүгүнкү шайлоодо добуш берүү деңгээли былтыркы парламенттик шайлоого салыштырганда төмөнүрөөк болуп жаткан себептердин негизгиси форма №2ге байланыштуу деп эсептейт. Мындай пикирин ал 28-ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты:

“Мурунку шайлоодо №2-форма деген ыкма колдонулган. Ал мыйзам уруксат берген ыкма болчу. Ошондо 500 миңге жакын жараныбыз катталган жеринде эмес, башка жерлерде добуш берди. Муну менен биз эмнени айтсак болот? Ошол 500 миңдин тегерегиндеги шайлоочу жапырт түрдө шайлоо участокторуна ташылып барган. Азыр мыйзам менен бул нерсеге чектөө коюлган. Ошондуктан, себептердин бири деп ушул нерсени эсептейм”.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG