Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:04

Шайлоо: добуштар кол менен саналууда

29-ноябрда түнкү саат 2деги БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 5% босогодон алты партия өттү.

Алар: “Ата-Журт Кыргызстан” – 16,41%, “Ишеним” – 13,17%, “Ынтымак” – 10,62%, “Альянс” – 8,06%, “Бүтүн Кыргызстан” – 6,58%, “Ыйман Нуру”партиясы – 5,93% добуш алды.

Келген шайлоочулардын 2,11% же 26927 жаран “баарына каршы” деген добуш берген.

Парламенттик шайлоого 1 миллион 275 239 жаран келди. Бул шайлоого укуктуу жарандардын 34,43% түзөт.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, талапкер болууга дегенде 381 жаран арыз берип, алардын 330у катталган. Кийинчерээк 47си өз арызы менен, экөө БШКнын чечими менен талапкерликтен чыгарылган.

Ошондой эле 21 партиянын тизмесинде 1004 талапкер депутаттык мандат үчүн күрөштү.

Кыргызстандагы жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет 90 депутатка мандат берилет. Партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Бул жолу шайлоочулар эки бюллетень менен добуш берди.

09:55 28.11.2021

Шайлоо учурунда мыйзам бузуу боюнча 197 арыз түшкөн.

10:02 28.11.2021

Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессине мониторинг жүргүзүү үчүн 736 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өттү.

Парламенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө көзөмөл жүргүзүү үчүн төмөнкү уюмдар эл аралык байкоочуларды жиберишти. Толук маалымат менен Боршайкомдун сайтынан тааныша аласыз.

10:06 28.11.2021

1117-шайлоо участогундагы байкоочулар атайын маска тагынган адамдардын тобу добуш берүү үчүн келгенин көргөн. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Дастан Бекешев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

10:13 28.11.2021

28-ноябрда чет жактагы 1,5 миллиондой мекендештин 84 миңдейи добуш берүү үчүн каттоодон өткөн. Бул жолу жаңы добушканалар АКШнын Чикаго, Нью-Йорк, Италиянын Рим, Кальяри жана Түркиянын Анталия шаарларында ачылды. Чет жактагы журтташтар алдыдагы парламенттин кандай болушун, кандай депутаттар келишин каалашат?

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG