Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:04

Шайлоо: добуштар кол менен саналууда

29-ноябрда түнкү саат 2деги БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 5% босогодон алты партия өттү.

Алар: “Ата-Журт Кыргызстан” – 16,41%, “Ишеним” – 13,17%, “Ынтымак” – 10,62%, “Альянс” – 8,06%, “Бүтүн Кыргызстан” – 6,58%, “Ыйман Нуру”партиясы – 5,93% добуш алды.

Келген шайлоочулардын 2,11% же 26927 жаран “баарына каршы” деген добуш берген.

Парламенттик шайлоого 1 миллион 275 239 жаран келди. Бул шайлоого укуктуу жарандардын 34,43% түзөт.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, талапкер болууга дегенде 381 жаран арыз берип, алардын 330у катталган. Кийинчерээк 47си өз арызы менен, экөө БШКнын чечими менен талапкерликтен чыгарылган.

Ошондой эле 21 партиянын тизмесинде 1004 талапкер депутаттык мандат үчүн күрөштү.

Кыргызстандагы жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет 90 депутатка мандат берилет. Партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Бул жолу шайлоочулар эки бюллетень менен добуш берди.

09:55 30.11.2021

Парламенттик шайлоодогу бюллетендердин 18,36% кол менен саналып бүттү - бул 29-ноябрь, кечки саат 21:00гө карата маалымат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Маалыматтык базасы көрсөткөндөй, 2494 шайлоо тилкесинин 460ка жакынында бюллетендер эсептелди. Ал эми автоматташтырылган системада 97% ашуун бюллетень саналды.

22:52 29.11.2021

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Маалыматтык шайлоо системасындагы мүчүлүштүктү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана башка мамлекеттик органдардын IT адистери текшерип жатышат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунда айтты.

"Эмне себептен, кимдин күнөөсү менен болгонун текшерип жатышат", - деди Маматов.

22:50 29.11.2021

Парламенттик шайлоодогу бюллетендердин 18,36% кол менен саналып бүттү - бул 29-ноябрь, кечки саат 21:00гө карата маалымат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Маалыматтык системасы көрсөткөндөй, 2494 шайлоо тилкесинин 460ка жакынындагы бюллеттендер саналды. Ал эми электрондук үкөктөр 97% ашуун бюллетенди санап бүттү.

19:12 29.11.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG