Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Окуучуларга орун жетпеген мектептер


Бишкектеги мектептердин бири.
Бишкектеги мектептердин бири.

1-сентябрь дем алыш күнгө туура келгендиктен быйыл жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталды.

Бүгүн биз Бишкектин Арча-Бешик конушундагы №79 мектепке баш бактык. Мектептин босогосун алгач ирет аттаган окуучулар менен ата-энелердин кубанычында чек жок. Ага далил - Айнура Сүйүндүкова менен кызы Айдай. Эне-баланын айтымында, алар мектепке бири ай мурун эле даярдана баштаган.

«Кызым экөөбүз тең түнү менен аябай толкунданып чыктык, - дейт Айнура Сүйүндүкова. - Албетте, мектепте окугандардын баары эле ушул күндү эч унутпаса керек. Төрт балам бар, эки кыз, эки эркек. Берки үч балам тең ушул мектепти аяктагандыктан кичүү кызымды да ушул жерге тапшыртайын дедим».

«Мен «Мектепке качан барабыз?» деп апамды күндө тажаттым, - дейт кызы. - Ал эми бүгүн көптөн күткөн кыялымдын ишке ашканына аябай кубанып турам. Мектеп мага аябай жакты, айрыкча классташтарым. Келечекте дарыгер болгум келет, ошондуктан жалаң 5ке окуйм».

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте бардыгы болуп 47 конуш бар. Андагы 20 мектеп быйылкы окуу жылына 17700 окуучуну кабыл алды. Алардын бири, Арча-Бешик конушундагы №79 мектепте жалпысынан 1500 окуучу билим алат. Быйыл бул мектептин башталгыч классына 150 окуучу кабыл алынды. Алардын төртөө кыргыз тилинде, бирөө орус тилинде билим берет. Мектеп директору Назгүл Кубатбекованын айтымында, окуучулардын 90% ички жана тышкы мигранттын балдары.

«Быйыл башталгыч класска 150 окуучу кабыл алсак, алардын 90% аймактардан келип, ижарада жашаган адамдардын балдары, - деди ал. - Бул конуштардагы негизи кыйынчылык, себеби жумушчулар бир жерден экинчи жерге бат-баттан көчүп конуп жүрүшкөндүктөн балдар толук билим албай калат. Мындан сырткы мигранттардын балдары мектеп окуучуларынын 28% түзөт».

«Балдарды коргоо борборунун» социалдык кызматкери Таалай Жакыпов орто мектеп жетишпеген мыйзамсыз эки конушту атады. Алар - Ак-Жар, Адилет конуштары. Ал эми мыйзамдуу деген эле Ак-Бата конушундагы мектеп 290 балага ылайыкталганына карабай учурда миңге чукул бала төрт кезмет менен окуп жатат.

290 бала окуй турган мектепте миңдей баланын билим алышы эмне деген шумдук?

«Мындай эле ой жүгүртүп көрөлүчү. 290 бала окуй турган мектепте миңдей баланын билим алышы эмне деген шумдук? Жогоруда айткан Ак-Бата конушундагы мектепте эртеден кечке бир да класс тынбайт. Ал жерге кирген окуучу менен мугалимдин ден соолугу эмне болот, өзүңөр эле ойлоп көргүлөчү? Эми ал жерлерге мектеп салып бериш үчүн чет элдиктерден, арабдардан демөөрчүлөр деле чыккан. Бирок тилекке каршы мектеп салууга ыңгайлуу деген жерлердин баары белгисиз бирөөлөргө ижарага берилип кеткен экен. Эми ушундай көйгөйлүү маселелерди чечиш үчүн айрым мамлекеттик кызматкерлердин эле саясий эрки гана жетишпей жатат», - деди Таалай Жапаров.

Быйыл республика боюнча 1-11-класска чейин 1 268 000 окуучу орто жана гимназия мектептеринде билим алат. 2019-2020-окуу жылында Кыргызстан боюнча 2265 мектеп иштесе, анын 97си Бишкек шаарында жайгашкан. Мектептердин башталгыч класстарына быйыл республика боюнча 156 миңден ашык бала кирди. Алардын 17700ү Бишкектин жаңы конуштарынан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG