Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:46
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлады

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кыргызстандын өкмөт башчысы болуп шайланды.

Садыр Жапаров өкмөттүн программасы да, курамы да азырынча өзгөртүлбөй турганын, азыр иштеп жаткандардын баары ордунда кала берерин билдирди.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул өкмөттүн курамы менен иштебей турганы белгилүү болду.

Садыр Жапаров Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруунун зарылчылыгы жок экенин ушул жыйынында айтты. Ал бул идеяны сегиз жыл мурда көтөргөнүн, азыр анын мааниси кеткенине токтолду.

Журналисттердин бир топ суроолоруна жооп берди.

19:05 10.10.2020

Депутат Жылдыз Мусабекова кышка даярдык жана мурдагы ички иштер министри боюнча суроо берди. Садыр Жапаров ага жооп берген жок.

19:03 10.10.2020

Сайдулла Нышанов: Бир мандаттуу кылып калтырсак канча депутат болушу керек?

Садыр Жапаров: 75 же 55 кылсамбы деп турам.

19:00 10.10.2020

18:59 10.10.2020

Евгения Строкова: Президент өз мөөнөтүндө иштесе болбойбу? Шайлоодо башка партиялар нааразы болуп чыкса кантесиз?

Садыр Жапаров: Президент менен сүйлөшүп чечтик баарын.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG