Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:08
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлады

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кыргызстандын өкмөт башчысы болуп шайланды.

Садыр Жапаров өкмөттүн программасы да, курамы да азырынча өзгөртүлбөй турганын, азыр иштеп жаткандардын баары ордунда кала берерин билдирди.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул өкмөттүн курамы менен иштебей турганы белгилүү болду.

Садыр Жапаров Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруунун зарылчылыгы жок экенин ушул жыйынында айтты. Ал бул идеяны сегиз жыл мурда көтөргөнүн, азыр анын мааниси кеткенине токтолду.

Журналисттердин бир топ суроолоруна жооп берди.

18:35 10.10.2020

Талант Мамытов: Садыр Нургожоевич, Кумтөр маселесинин аягына чейин чыгасызбы?

Садыр Жапаров: 2012-жылы Кумтөр толугу менен мамлекетке өтөт дегенбиз. Бирок анда колдоо таппай калгам. Түрмөдө жатканда адвокатым аркылуу журналисттер суроо жөнөткөн экен, ушул боюнча. Мен ошондо жооп бергем. Мындан 8 жыл мурда алсак болот эле, эми кеч болуп калды. Алтындын запасы аз калды. Эми "Центерра" менен бузулган тоолорду калыбына келтирүү иштерин жүргүзөбүз. Мен бул суроого эки жыл мурда жооп бергем, кенди алуунун кажети жок деп.

18:30 10.10.2020

Садыр Жапаров: Абал ушундай катуу болуп тургандыктан өкмөттүн курамына өзгөртүү киргизген жокпуз.

18:26 10.10.2020

Садыр Жапаров: Мекенибиз кыйын кырдаалды баштан кечирип жатат. Акыркы күндөрдөгү окуялар баарыбызды ойлондурушу керек. Балким бул сөздөрүм катуу тиет, бирок кызмат талаштын айынан мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаралды. Укуктук талаага кайтууга аракет кылыңыздар.

18:23 10.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG