Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Эгемендикти сынаган эриш-аркак жылы


Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин.
Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин.

Кремлде «Эриш-аркак» жылынын ачылыш аземине арналган концертке Москва шаарындагы жана Орусиянын аймактарынан келген төрт миңдей кыргызстандык катышты.  

Кремлдеги «Эриш-аркак» жылынын ачылыш аземинде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кыргыз эли Орусия менен тагдырлаш болууну 150 жыл мурда тандаганын эске салып, орус эли менен Орусиянын президенти Владимир Путинге ыраазы экенин билдирди:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Кыргызстан эгемен өлкө болгонуна дээрлик 30 жыл болду. Бирок, эки элдин маданий-руханий, бир туугандык мамилеси ажыраган жок. Советтер Союзунан кийинки тарыхтагы ажырымдарга карабай Орусия менен жакын, бир туугандык мамилени сактап калдык».

Ал эми залдагы кыргызстандыктарга эне тилинде кайрылган мамлекет башчы Орусиядагы эмгек мигранттарынын абалын өнүктүрүүгө сөз берди:

«Орусия жана Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекеттердин жетекчилери менен бирге силердин жашоо, окуу жана иштөө шартыңарды жакшыртууну мындан ары да уланта беребиз. Орусиянын жалпы элинин жана жетекчилигинин кыргызстандыктарга болгон жылуу мамилесин баса белгилейм. Муну биз абдан жогору баалайбыз».

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына ылайык, Орусияда эмгек миграциясында 728 миңдей кыргыз жараны жүрөт. Мигранттардын мекенге которгон акчасы жылына 2,5 миллиард долларды түзөт. Ал эми эгемендик жылдарында орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны жарым миллиондон ашат.

Орус президенти Владимир Путин өз кезегинде Кыргызстан менен интенсивдүү саясий байланыш түзүлгөнүн, эл аралык деңгээлде эки өлкө макулдашылган бир позицияда турарын белгиледи:

Владимир Путин.
Владимир Путин.

«Орусия менен Кыргызстан чөлкөмдөгү туруктуулукту камсыз кылууда чогуу иш алып барып жатканын, мамлекет аралык жана Жаматтык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун (ЖККУ) алкагындагы аскердик өңүттөгү кызматташтыгын белгилеп кетким келет. Биздин өлкөлөр эл аралык уюмдарда макулдашылган позицияда турушат. Евразия Экономикалык Биримдигинде интеграциялык тыгыз кызматташтык түзүлгөн. Тоо-кен, транспорт жана жогорку технологиялар тармактары боюнча ири долбоорлор чогуу ишке ашырылып жатат. Орусия - Кыргызстанды энергетикалык ресурстар менен камсыздаган башкы тарап».

Эриш-аркак жылынын жарыяланышын, Жээнбековдун Москвадагы сапарын бир катар орусиялык жана кыргызстандык эксперттер Батыштын Борбор Азия менен саясий байланышын жандандырганы менен байланыштырышкан.

Алар мурда расмий Ташкент жана Нур-Султан Москва менен макулдашпай, өз алдынчылыкка умтулганда Кремлдин көзүндө Бишкектин баркы жогорулаганы менен да түшүндүрүшкөн.

Деген менен Эриш-аркак жылынын алкагында эки өлкөдө көбүнесе маданий-гуманитардык иш-чаралар кайчылаш өткөрүлөт. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы, советтик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы, кыргыз-орус опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин 80 жылдыгы сыяктуу эскерүү салтанаттары уюштурулат.

Орусиянын шаарларында кыргыз театрынын гастролдору, кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү сыяктуу маданий иш-чаралар болот. Орусия менен Кыргызстандын футбол командаларынын оюну өтөт.

Экономика жаатында Екатеринбург менен Санкт-Петербургда ишкерлердин бизнес-форуму пландалган.

Дипломат, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов бүгүнкү кыргыз-орус алакасына баа берип жатып, Бишкек Москванын жетегинен чыкпай калганын белгиледи:

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«Бешенебиз, тагдырыбыз, келечегибиз Орусияга байланды. Орусияга үмүт кылып отурабыз. Тышкы саясатта да көз карашыбызды Москва аркылуу чечебиз. Мен муну жакшы же жаман дебейм. Бул болгон кырдаал. Базанын ачылышы, төлөмдөрү, кеңейтилиши – бул коопсуздук үчүн дегенибиз менен биринчи ирет Москвада чечилген. Биз аны кыйшаюсуз эле кабыл алабыз. Саясий-экономикалык маселелер бар, аны баарыбыз эле билип турабыз. ЕАЭБдин ичинде да канча келишпестик, тирешүү болуп жатат. Биз ага кийлигишпейбиз да, талкууга да катышпайбыз. Мына, азыр Кыргызстанга акча которууга 100-150 миңдик чектөө бар, ошол эле кезде Арменияга мындай чектөө 1 миллионду түзөт».

Кыргызстан геосаясий абалына, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша иш кылып жатканын белгилеген Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков дүйнөлүк державалардын алдында чегинүүгө түрткөн кичине өлкөнүн абалында деле биринчи кезекте өз кызыкчылыктарын алдыга койгон мамлекеттерден мисал келтирди:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

«Монголиянын эл аралык саясаты мага жагат. Алар «үч буттуу үстөл саясатын» карманышат. Алысыраак кошуналар – Австралия, Америка, Түштүк Корея, Жапония менен катташып, ошолор менен иштешкенге аракет кылат. Кошуна турган Кытай, Орусия менен чебердеп саясат кылышат. «Такыр эле көз каранды болуп калбайлы» деген саясаты бар. Биз, албетте, жашообуз байланган менен аяр мамиле кылып, баарын эске алышыбыз керек. Бирок өз кызыкчылыгыбызды коргошубуз керек».

Президент баштаган бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары кирген кыргыз делегациясы Москвада орус өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Жалпысынан аймактык коопсуздук, экстремизм жана терроризм менен күрөшүү маселелери боюнча пикир алмашылды. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык тууралуу сөз болгону айтылганы менен жаңы макулдашылган келишимдер же кабыл алынган чечимдер жөнүндө кабарланган жок.

Кремль сарайындагы «Эриш-аркак» жылынын ачылыш аземине арналган концертке Москва шаарындагы жана Орусиянын аймактарынан келген төрт миңдей кыргызстандык катышты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG