Башка аймактардын дээрлик баарында майрамга арналган иш-чаралар уюштурулууда. Оштогу майрамда санитардык талаптар аткарылган жок. Жергиликтүү бийлик элди топтоонун алдында адистер менен кеңешкенин айтышууда.
Пандемиядагы Нооруз
Бүгүн - 21-мартта кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилеп жатышат. Борбор калаа Бишкекте коронавируска байланыштуу Ноорузга карата иш-чаралар токтотулган. Мындай чечим COVID-19 жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан кабыл алынган. Башка аймактардын дээрлик баарында майрамга арналган иш-чаралар уюштурулууда.

1
Көктөм майрамы экинчи борбор Ошто чоң салтанат менен өттү.

2
Шаар тургундарына концерттик программа уюштурулуп, театралдаштырылган көрүнүштөр менен коштолду.

3
Бир күн мурун шаардын бир нече жеринде сүмөлөк кайнатылып, майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн.

4
Быйыл Бишкек шаарында коронавирустан улам Ноорузга байланыштуу иш-чаралар өткөн жок, бирок, Ошто ал кызуу майрамдалды.

5
Балдарга ар бир күн майрам, бирок, Нооруз - өзгөчө майрам.

6
Майрамдык палоо.

7
Майрам күнү шаар тургандары үчүн спорттук оюндар уюштурулду.

8
Оштогу майрамда санитардык талаптар аткарылган жок. Жергиликтүү бийлик элди топтоонун алдында адистер менен кеңешкенин, абал туруктуу болгону үчүн массалык иш-чаралар уюштурулганын айтып ындырууда.

9
Күрөш - кызыктуу спорт.

10
Ноорузда быйыл Ошто эл көп болду. 2021-жылдын 21-марты.

11
Бийлеп жаткан кыз.

12
Ош мэриясы майрымды өткөрүүгө 600 миң сомго чукул каражат короткон. Азык-түлүк кымбаттап, элдин кирешеси азайып турган учурда мэриянын бул аракеттин сынга алгандар да болду.

13
Сүмөлөк сатып жаткан кыз.

14
Азык-түлүк жарманкеси уюштурулду.

15
Тулпар минип, туйлатып турган жигиттер да болушту.

16
Адаттагыдай эле боз үй тигилди.

17
Асманга шар учурулду!

18
2020-жылы Нооруз майрамы коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам Кыргызстандын бардык аймактарында майрамдалган эмес.