Кыргызстан менен Монголия курама командаларынын беттешиндеги жалгыз голду монголиялык фулболчу Мижиддорж Оюнбаатар киргизди. Оюн Жапониянын Осака шаарында өттү.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
Кыргызстан менен Монголия курама командаларынын беттешиндеги жалгыз голду монголиялык фулболчу Мижиддорж Оюнбаатар киргизди. Оюн Жапониянын Осака шаарында өттү.
Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндары 2019-жылы 5-сентябрда башталган. 2020-жылы пандемиядан улам оюндар токтотулуп, бир жарым жылдан кийин кайра жанданды.