Бишкекте Айбек Жунушалиев 45 депутаттын 43үнүн добушун алды, Ошто Алмаз Мамбетов да 45 депутаттын 43үнүн колдоосуна татыды. Урматбек Самаевге 19 депутат колдоо көрсөткөн.
Бишкек, Ош жана Токмок: мэр шайлоо кандай өттү?
Кыргызстандын үч шаарында, Бишкекте, Ошто жана Токмокто 25-августта мэр шайлоо болду. Башкалаага Айбек Жунушалиев, Ошко Алмаз Мамбетов, ал эми Токмок шаарына Урматбек Самаев жетекчи болуп шайланды.
Бишкекте Айбек Жунушалиев 45 депутаттын 43үнүн добушун алды, Ошто Алмаз Мамбетов да 45 депутаттын 43үнүн колдоосуна татыды. Урматбек Самаевге 19 депутат колдоо көрсөткөн.





Бишкектин мэрлигине көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Айбек Жунушалиевге шаардык кеңештин 45 депутаттын 43ү добуш берди.
Жунушалиевдин талапкерлигин Министрлер кабинети жана шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.


Ош шаардык кеңешинде жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында жалгыз талапкер Алмаз Мамбетов мэр болуп шайланды. Ага 45 депутаттын 43ү макулдук берип, экөө каршы болду.



Токмок шаарынын мэри болуп шайланган Урматбек Самаевге шаардык кеңештин 19 депутаты добуш берген. Экинчи талапкер Азат Кубатбек уулуна 11 добуш тийди. Добуш берүүгө 31 депутаттын 30у катышты. Депутаттар топтолбогондуктан, Токмокто мэр шайлоо үч саат кеч башталды.