- Сиздин өнөрүңүз, талантыңыз көп экен, «Кыргызым» деген китебиңизди окуп калдык. Сиз анда кыргыздардын кулк-мүнөзү, каада-салты, жүрүм-туруму, баскан-турганы жөнүндө баарын жиликтеп, ар бир облуста жашаган элди эле эмес, райондордо жашаган элдерге чейин баарын таасын сүрөттөптүрсүз. Бир жагынан сатиралык да талантыңыз бар экен, окуп атып күлөсүң. Бул этнографиялык же социологиялык темаларга кандайча кызыгып калдыңыз?
- Китеп жазууга кызыгуум, менимче, алыс жакта жашап жүргөндө мекенге болгон сагынычтан улам пайда болду деп ойлойм. Анткени, Кыргызстанда жашап жүргөндө мен эч нерсе жазган эмесмин, күндөлүк жумуш менен алек болуп андайды этибар деле алган эмесмин. Анан алыс жерде жүргөндө өзүбүздүн элибизге, улутубузга, маданиятыбызга, тарыхыбызга болгон кызыгуу пайда болду деп ойлойм. Ошол себептен Америкага келгенден баштап жаза баштадым.
- Америкада жашап жатканда тегерегиңиздеги эл менен салыштырып, алардын каада-салтын, жашоо-турмушун үйрөнүп, анан кыргыздардын жакшы-жаман да жактары оркоюп көрүнө баштаса керек? Ошондо америкалыктарга кыргыздар жөнүндө айтып берсеңиз, кээде алар таң калып, кээде биздин элдин да жакшы жактарын үйрөнө турган сапаттары бар бекен?
- Кээде мен жумуштагылар же достор менен сүйлөшүп калганда таң калышат. Алар биздин достукка бекемдигибизге, үй-бүлөдөгү ынтымакка, тууганчылдыкка жакын келерибизди аябай баалашат. Анткени Америкада ар бир киши өзүнүн жеке жашоосу менен чектелип, индивидуалдуулукка басым жасалат. Достукта, туугандар менен мамиледе көп жазылбаган чектөөлөр бар, катуу кийлигише бербейт, баарына. Биздеги дос, тууган десе жанын бере тургандай нерсе буларда жок.
- Ал эми биз алардан үйрөнө турган кандай жактарын байкадыңыз?
- Албетте, үйрөнчү көп нерсе бар. Мисалы, мыйзамдуулук. Бардыгы мыйзамдын чегинде гана аткарылат. Биздикилердей болуп бийликке акарат келтирип, тартип бузуп, «боло берет да» деген сыяктуу көрүнүштөр бул жерде жок. Бизде мыйзам менен иши жок, же аны буйтап өтүп башка жолун табалы деген адат бар эмеспи, бул жакта андай жок, мыйзамдарды сыйлашат. Анан дагы бир айта кетчү нерсе - бул тазалык. Жаратылышка чыгасыңбы же шаарда болосуңбу, ар кайсы жерде чачылып жаткан желим баштык, шише, башка таштандыны көрбөйсүң. Тазалыкка жакшы көңүл бурулат.
- Билл Клинтон президент болуп турганда Моника Левински менен көңүлдөш мамилесине байланыштуу чатак чыкканда америкалыктар ошол маселени, президенттин жеке мамилесин Конгресске чыгарып импичментке чейин барышпадыбы. А биздин мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөр - Орусия, Кыргызстан жана башкалар таң калып, «ушул америкалыктардын президенттин жеке турмушу менен эмне иши бар, кызык экен» деп атышты. Андан башка дагы салык декларациясын тапшыруу убагы келгенде, жылына бир жолу 18 жаштан тартып улгайган пенсионерлерге чейин баары жыл ичинде тапкан кирешеси, короткон акчасы, төлөнчү салыгы тууралуу өкмөткө отчёт беришет. Ал баары үчүн өзгөрүлгүс эреже болуп калган.
- Бул ачык-айкын маалымат. Мамлекеттин жараны өзүнүн милдетин, вазыйпасын так аткарбаса ал жазага тартылат, ошондуктан алар мындайга жоопкерчиликтүү мамиле жасашат. Айрыкча мамлекеттик, коомдук ишмерлердин баскан-турганы, айткан-дегени элдин катуу көзөмөлүндө, алар мыйзамдарды башкалардан катуу сакташы керек.
- Америкада да, Кыргызстандагыдай азыр саясат кайнап атпайбы. Силерде шайлоо ноябрда болсо бизде октябрда, элдин баарынын сүйлөгөнү саясат. Анан мен да жакында кыдырып келип таң калып калдым. Портленд шаарында, бир эле көчөдө расизмге каршы митинг болуп, эл чогулуп алып бийликти сындап кыйкырып жатса, 200 метрдей ары жакта дарыяда яхталарын шуулдатып «Trump, Keep America Great» деп, «Американы азыркыдай улуу өлкө бойдон сактап кал» деген сөздөрдү жазып алып ары-бери айдап жүрүшөт. Эмне үчүн ал жакта саясат аябай кайнап кетти? Же дайыма эле шайлоо учурунда ушундай бекен?
- Менимче, өткөн шайлоодо мынчалык болгон эмес. Быйыл ошол афроамерикалык жаран Жорж Флойддун өлүмү, мамлекеттик полициянын катаал чара колдонгонуна каршы болгон акциялар көп болуп кетти. Кээ бирлери айтат, «мындай нерсе болуп келген, боло берет» деп. Афроамерикалыктарга карата мамиледе кайсы бир деңгээлде ушул маселе бар экени ачык-айкын болуп калды. Негизи шайлоо Кыргызстанга салыштырмалуу тынч өтөт. Кыргызстанда эл абдан саясатташып кеткен, эки кишинин башы кошулса саясатты талкуулашат. Менин Кыргызстандагы абамдын мектеп жашындагы кичинекей баласы телефондон: «Кандайсыз, быйыл силерде ким президент болот, Трамп утабы же Байденби?», - деп сураса таң калам. Алыскы айылда жашаган кичинекей бала да АКШнын саясатына кызыгат. Америкалыктар адатта эс алганы, туулган күн, майрам, же дагы башка себептерден улам чогулуп калса, ич ара саясатты сүйлөшө бербейт. Талкуулагандары көбүнчө жашоо-турмушка байланыштуу маселелер, спорт, экономика, кино же дагы башка нерселер. Спортко абдан кызыгышат.
- Америкадагы кыргыз мигранттардан расалык басмырлоого туш болгон-болбогонун сурасам, андай учур жок экенин айтышты. Ошентсе да азиялыктарга карата кандайдыр бир стереотиптер бар да, айта кетсеңиз?
- Вашингтон штатында Азия элдери аябай көп. Расмий маалыматтар боюнча 12-13% деп айтылат. Мисалы, мен көчөгө чыксам кадимкидей эле жүрө берем. Сегиз жылдан бери жөнөкөй жаран же полиция тарабынан деле эч кандай басмырлоого туш болбодум. Мени көбүнчө жапон деп ойлошот, аялымды кытай экен деп ойлоп калгандар көп учурайт. Үч балам бир да жолу туура эмес мамилеге туш болуп, кандайдыр жагымсыз окуяга учураганы болгон жок, ушунча жылдан бери.
- Бизге бир жолу Колумбия университетинде окуган бир кыргыз жигиттен кат келген. «Мен таң калып калдым. Мен окуган жерде азиялыктар сабактарды калтырбай берилип окушат, мыкты болушат деген стереотип бар экен. Мен эми алардын репутациясын бузбайын деп, түнү менен жанталашып окуганга мажбур болуп атам» деп жазган эле. Чын эле ошондой стереотип бар бекен?
- Ооба, бизде деле бар эмеспи андай. Жашоо-турмушубуз кандай болгон күндө да, балдарыбызды «оку, билимдүү бол» деп тарбиялап, акыркы малыбызга чейин сатып, контракт төлөп окуткандай эле, бул жактагы азиялыктардын көбүндө да ошондой нерсе бар. Мисалы, латын америкалыктарга салыштырмалуу азиялыктар илим-билимге көбүрөөк умтулушат. Кандай болсо да бир кесиптин ээси болуп, ошол тармакта көп иштеп ийгиликке жетишүүгө аракеттенгендер арбын. Бирок мунун баары салыштырмалуу, жылдар өткөн сайын диаспоралар да өзгөрүп, ар кандай жаңы көрүнүштөр боло берет. Америкадагы кыргыз мигранттары 10-20 жыл мурун таптакыр башка болсо, азыркы жаңы мигранттардын жашоосу, максаттары, пландары такыр башка дегендей.
- Америкалыктар жөнүндө дагы «Кыргызым» деген сыяктуу китеп жазайын деген оюңуз барбы?
- Ооба. Мен «Америка кыргыздын көзү менен» деген аталышта китеп жаза баштагам. Өзүм канааттанмайынча дагы да толуктайын, бир нерсе жетишсиз болуп атат деп чыгара элекмин. Даяр эле болуп калган ал китеп, бирок «тузу, калемпири жетпей атат» деп эле дагы толуктап жазып анан чыгарайын деп жүрөм. Албетте, Америка абдан чоң, көп улуттуу, көп тараптуу өлкө. Турмуштагы бардык өңүттөр боюнча, саясат, спорт, алардын жеген тамак-ашы, турмуш куруу салты, үйлөнүү тойлору, балага берген тарбиясы жөнүндө кыргыздар да билсин деп жазып жүрөм. Буюрса, 1-2 жылда бүтүп калат.
- 1990-жылдары биз жактагы бир сурамжылоодо «Америка дегенде эмнени элестетесиз?» деген суроого Голивуддун кинолоруна сугарылып калган жаштар «секс, курал-жарак, согуш» деп жооп беришкен экен. Сиз Америкага баргыча кандай стереотиптер бар эле, кандай элестеттиңиз эле? Алар жоголдубу же бекемделдиби?
- Мен бул жакка келгиче Америка десе эле жалаң асман тиреген имараттар, кечинде көчөгө чыкканга болбойт, атып кетишет, куралдуу бандалар көчөлөрдө басып жүрөт деп кинолорду көрүп алып элестеткен күндөр болгон. Бирок иш жүзүндө андай эмес экен. Асман тиреген имараттар чоң шаарлардын бир бөлүгүндө эле болот экен, калган үйлөр биздегидей эле. Көчөлөрү тынч, ар ким өз жашоосу менен алек. Албетте, кээде психикалык жактан жабыр тарткан адамдар куралды колдонуп, тегерегиндегилер жапа чеккен учурлар болот.
Эң башкысы - Америкада кандай окуялар, көрүнүштөр болуп атканын маалымат каражаттары, телеканалдар тынбай баарын ачык көргөзүп турушат. Бийликтегилер эч нерсени жаап жашыра алышпайт, сөз эркиндигине эч кандай чектөө жок. Коронавирус кризиси тууралуу күн сайын президент Трамп өзү элге Ак үйдөн кайрылып, бардык маалыматты айтып, суроолорго жооп берип жатты. Бийликтегилердин эл астындагы жоопкерчилиги ушундан эле билинет. Коомдук мамилелер калыстык, жоопкерчиликке негизделген. Ушуларды көрүп туруп, ачык-айкындуулук, жоопкерчиликке негизделген коомго 50дөн ашканда келсем да көнүшүп, кабылдап кеттим окшойт. Биз сегиз жыл мурда лотерея сыяктуу ойнотулган Грин карта системасынан утуп алып, үй бүлөбүз менен көчүп келгенбиз. Балдарым мени тартып инженердик кесипке жакын экен, баары жогорку технология, же IT тармагында окуп, иштеп жатышат.
- Бир белгилүү мигрант журналисттин жазганын окуганым бар эле. «Мигрант күзгүсүн жоготуп койгон кишидей. Жашоо өтүп улгайып, өзгөрүп баратканын сезбейт, анткени жакындары, кичинекейинен чогуу өскөн достору алыста, убакыт менен байланышын жоготуп койот» дептир. Сиз ушуга кандай карайсыз? Кусалык сезими ар бир мигрантта бар деп айтууга болобу?
- Албетте! Ар бир мигрант кайсы жакта болбосун өз мекенин сагынат. Өзү алыста болсо да, Кыргызстан менен жашайт! Биз Кыргызстан тууралуу пикир, сунушубузду жазсак, кээде интернетте "алыста жашап атып эмне кыласыңар" деп сындагандар да болуп калат. Биз эртеден кечке Кыргызстан менен жашайбыз, мекенибизде болуп аткан окуяларга кубанабыз, капаланабыз, биздин жашообуз ошол.
Мен далай эле орус тилдүү мигранттар менен сүйлөшүп калам Америкада, армян-азербайжан, орус жана башка мурдагы советтик өлкөлөрдөн келгендер менен. Алар эмнегедир "болду, кетпейм, ушул жактын жараны болом, артка кайтпайм" дешет. Кыргыз мигранттар болсо "иштеп акча таап алып, кайра Кыргызстанга барып жашайм" дей беришет. Мага жолуккандардын баары эле ошентет. Убактылуу жашап аткандай эле маанайда көп жыл жашап койгондор көп. Азыр эми мигранттардын мууну да алмашып атат. Эмкилер тезирээк интеграция болуп жуурулушуп, өз ордун, жолун таап кетип атышат.
- Азыркы учурда «кандай жол менен болсо да Америкага барат элем» деп, мигрант сезими менен жашап жаткан кыргызстандыктарга эмне деп айтат элеңиз?
- Көпчүлүгү бул жакта жыргал жашоо деп ойлойт. Мен муну туура көрбөйм, себеби бул жакка келип жашаш үчүн даярдык керек, тил билсең, кесиптик даярдыгың туура келсе жакшы жумушка кире аласың дегендей. Ага чейин башында көбү эле жөнөкөй жумуштардан баштаганга мажбур.
- Тилден тышкары да ошол мамлекеттин маданиятын, тарыхын, менталитетин кабыл алууга даяр болуш керекпи?
- Көпчүлүгү келип, 2-3 жыл иштеп кайра эле кайтам деп ойлойт да. Бирок азыр келгендер бул жактын маданиятын, элинин кулк-мүнөзүн үйрөнгөнү аракеттенип калышты. Бул жакка келем дегендер көп нерсени үйрөнүп, билип келсе, тезирээк өз жолун таап кетиши оңой болот.
- Биз сизге амандык, ийгиликтерди каалайбыз, балдарыңыздын келечеги кең болсун! Маегиңизге чоң рахмат!
- Силерге да рахмат! Ден-соолук, иштериңерге ийгилик! Ар дайым азаттыктын жарчысы болуп жүрө бергиле!