Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:22

Түрк ишкери депутаттын үстүнөн арызданды


«Таксим» кафеси. Сүрөт smak.kg сайтынан алынды.
«Таксим» кафеси. Сүрөт smak.kg сайтынан алынды.

Өзүн Бишкектеги «Таксим» кафесинин ээси катары тааныштырган түрк жараны Али Салих Ифлазоглу 13-майда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарына жана президентке кайрылды.

Жогорку Кеңештин жанына туруп тартылган сегиз мүнөттүк видеодо түркиялык ишкер алданып калганын айтып, 750 миң доллар короткон бизнесин тартып алууга аракет болуп жатканын билдирген:

«Мен Кыргызстандагы бизнесиме 11 жыл ичинде 750 миң доллар акча салдым, 560 миң доллар ижара акысын бердим. Эми имараттын кожоюну мени чыгарганга аракет кылып жатат. Азыркы учурда Кыргызстанда жана дүйнөнүн 181 мамлекетинде карантин жарыяланган. Ага карабастан мен иштеткен кафенин жарыгын өчүрүп кетишти. Ушундай мамиле болуп жатса Кыргызстанга инвестор келбейт».

Сөз Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Таксим» кафеси жөнүндө болуп жатат. Түрк ишкери 2017-жылы бул кафенин аянтын кеңейтип, өз каражатына курулуш иштерин жүргүзгөн. Ошол эле жылы Бишкек мэриясы «Таксимдин» бир бөлүгүн буздуруп салган. Себебин кафенин курулушу муниципалдык жерге чейин чыгып кеткени менен түшүндүргөн.

Түрк ишкери жердин ээси Эрнис Акматов «уруксат документин жасап берем» деп 70 миң доллар акча алганын билдирди:

Салих Ифлазоглу.
Салих Ифлазоглу.

«Үч жыл мурун кафени баштан-аяк жасап чыкканбыз. Бирок 6 айдан кийин мэриядан келип бир бөлүгүн бузуп салышты. Жердин ээси «тилкенин документтерин бүтүрүп берем» деп акча алган болчу. Бул видеодон кийин Эрнис Акматов мага бандиттерди, депутаттарды жиберип коркутат. Алардын прокуратурада, мэрияда тааныштары көп».

Түркиялык ишкердин кайрылуусунда ысымы аталган бир туугандар - Жогорку Кеңештин депутаты, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин төрагасынын орун басары Алмазбек Акматов жана анын бир тууганы, мурдагы бажы кызматкери Эрнис Акматов.

Депутат Алмазбек Акматов айтылган сөздөрдү куру доомат катары сыпаттады:

Бул окуяга менин эч кандай тиешем жок. Жалаа жапкандар менен укук талаасында сүйлөшөм.

«Ал жер тилкеси инимдин кызына таенесинен мурас катары калыптыр. Ал кыз түрк ишкерлерине ижарага берип келген. Кафени иштеткендер жерди узартып, мыйзамсыз курулуштарды курган. Түрк жаранынын биздин мыйзамдар менен маселеси бар. Бул окуяга менин эч кандай тиешем жок. Сотко кайрылганы турам. Жалаа жапкандар менен укук талаасында сүйлөшөм».

Жер тилкесинин юридикалык ээси болуп Ч.Султанбекова аттуу жаран эсептелет. Ал депутат Алмазбек Акматовдун иниси Эрнис Акматовдун кызы. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Султанбекова менен эки жылдан бери соттошуп келе жатканын билдирди. Эгер мамлекеттик орган соттон утуп чыга турган болсо «Таксим» кафесинин калган бөлүгү бузулат.

Инспекциянын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучусу Жоодар Атакеев мындай деди:

«Мурда «Таксим» кичиникей эле кафе болчу. Мыйзамсыз жол менен чоңойтуп, экинчи кабатын да салып алышкан. Жердин ээси Ч.Султанбекова курулуш иштери мыйзамсыз экенин моюнга алып, кафени буздурганга макул болуп жатат. Түрк ишкери болсо мындай чечимге макул эмес. Мыйзамсыз курулуш болгон үчүн «Түндүкэлектр» ачык акционердик коомунуна арыз жазып жарыгын өчүртүп салдык».

Кайрат Итибаев.
Кайрат Итибаев.

Экономика боюнча эксперт Кайрат Итибаев түрк жаранынын кайрылуусу кандайдыр бир деңгээлде өлкөнүн инвестициялык климатына көлөкө түшүрө турганын айтып жатат. Анын пикиринде, инвестиция жаатындагы кемчиликтер ушундай окуяларга алып келет.

«Биз инвестиция боюнча коңшу Казакстан менен атаандаш боло албай калдык, - деди ал. - Кыргызстан менен Тажикстанга көп учурда шектүү инвесторлор келип жатат. Мындан тышкары мамлекетттик башкаруунун, сот системасынын сапатына жараша чет элдик ишкерлер келип жатат. Бизге келген инвестордун 90% мамлекетке эмес, өзүнүн жеке тааныштарына ишенип келет. Бүгүнкүдөй маселе жаралбаш үчүн инвесторлорго кепилдик бериш керек. Мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу зарыл».

Түркиялык ишкер Али Салих Ифлазоглу «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу «Таксим» кафесине байланыштуу окуя Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин да назарында экенин билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG