Мыйзам жана түшүнүк: эмне күчүндө?
Жогорку сот “Ата Мекен” партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароону 21-августка жылдырды. Президент “ата мекенчилердин” камактагы саясатчылардын ишин акыйкат, калыс кароону камсыздап берүү өтүнүчүнө көңүл бурабы? Бул иштин жыйынтыгы өлкөдөгү сот акыйкаттыгынын абалын жана бийлик башындагылардын позициясын аныктайбы? Студиянын коноктору Жогорку Кенештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт