Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Алтынчы президенттин инаугурациясы

Бүгүн Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берди.

Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы жапырт тополоңго айланып, эл күч менен бийликти алмаштырган. Анда 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду тарапкерлери абактан чыгарган.

10-январда өткөн шайлоодо Жапаров шайлоого катышкандардын 80% чукулунун добушун алып, президенттикке шайланган. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышканын кабарлаган.

12:21 28.1.2021

12:08 28.1.2021

Мамлекет башчылык кызматка расмий түрдө киришкен Садыр Жапаров Кыргызстан президенттик башкаруу аркылуу мыйзамдын диктатурасы өкүм сүргөн, адилеттүүлүк үстөмдүгү салтанат курган алпейим коомду түзө алат деп эсептейт.

Жапаров белгилегендей, Кыргызстан мыйзам жоболору урматталган жана кынтыксыз аткарылган тартипке, экономикалык жана саясий реформалардын жоопкерчилигин көтөргөн, ошол үчүн калың элдин алдында жооп бере алган бийлик системасына муктаж болууда:

“Эл эңсеген андай тартипти, убадага жоопкер бийлик системасын президенттик башкаруу гана аткара аларын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасы эбак далилдеген. Президенттик башкаруу адам укугун басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө дегендик эмес, саясий партияларды ооздуктап, эл өкүлчүлүгү болгон парламентти жана сот бийлигин көз каранды бийлик бутагына айландыруу дегендикке жатпайт. Тар, өзүмчүл кызыкчылык үчүн элибиздин байлыгын тоноп, уул-кыздарын кордоого аракет жасаган жеке басарлык, үй-бүлөлүк башкаруу эмнеге алып келерин, аягы эмне менен бүтөрүн жакшы билебиз. Ошондуктан, дагы бир мертебе кайталап кетейин, президенттик башкаруу- калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү. Ошону менен бирге, президенттик башкаруу өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган саясий, экономикалык программалардын, өкмөттүн алдына коюлган жана башка иш-чаралардын үстүнөн бекем көзөмөлдөө, ошол иш-чаралар үчүн жооптуу структуралардан иштин натыйжасын талап кылууну да билдирет”.

"Садыр Жапаров алты айда өзүн көрсөтүшү керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:23 0:00
Түз линк


12:08 28.1.2021

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ант берүү иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө президент Садыр Жапаров Орусияны, Казакстанды, Өзбекстанды тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи:

"Өлкөбүздүн экономикалык өсүшү, маданий кайра жаралуусу, стабилдүүлүк алыскы жана жакынкы коңшуларыбыз менен ынтымакта болгондо гана ишке ашат. Кыргызстандагы саясий окуяларга байкоо салып, олку-солку болгон кырдаалда, оор учурда бир туугандык колун сунган өлкөлөргө, ириде Орусияга терең ыраазычылык билдиребиз. Пандемия апаатынан өздөрү жабыр тартып турушса да, кыргыз калкына ак дилинен жардам берген коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казакстандын аракетин айтпай коюга болбойт. Бул өлкөлөр менен тамырыбыз, тарыхыбыз, тагдырыбыз жалпы. Демек, стратегиялык өнөктөш бул өлкөлөр менен ар тараптуу мамилени чыңдоо, тышкы саясатыбыздын приоритети".

Ошондой эле президент тышкы саясатта Туркиянын, жакынкы коңшу Кытайдын да ролу чоң экенин баса белгилеп, тышкы саясат көп векторлуу болорун белгиледи. Эгемен Кыргызстан Америка, Европа өлкөлөрү, БУУ, ШКУ баштаган эл аралык уюмдары менен кеңири кызматташууга умтуларын белгиледи.

11:54 28.1.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG