![Садыр Жапаров.](https://gdb.rferl.org/9159fe4a-a825-4f8a-99ca-48ee3f371e8f_w250_r1.jpg)
Бүгүн Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берди.
Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы жапырт тополоңго айланып, эл күч менен бийликти алмаштырган. Анда 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду тарапкерлери абактан чыгарган.
10-январда өткөн шайлоодо Жапаров шайлоого катышкандардын 80% чукулунун добушун алып, президенттикке шайланган. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышканын кабарлаган.