Депутаттар аткезчиликти талкуулашты
Жогорку Кеңеш өкмөттүн аткезчиликке каршы ишин жетишсиз, ал эми уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүп жаткан күрөшүн канааттандырарлык деп тапты. Депутаттар Кыргызстанда контрабанда тыйылбай, кылмыштуулуктун саны көбөйүп жатканын сынга алышты. Өкмөт чек ара өткөрмө бекеттеринде көзөмөл камералар орнотулуп, аткезчиликке системалуу бөгөт коюу иштери жүрүп жатканын билдирүүдө. Атказчилик маселесине байланыштуу Жогорку Кеңештин жыйынында накталай акчаны чек ара аркылуу алып өтүүдөгү көмүскө иштер боюнча «Азаттыктын» иликтөөсү тууралуу бир нече депутат маселе көтөрдү.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 23, 2024
Украина: мина талаасын аралаган роботтор
-
Ноябрь 23, 2024
Аш-тойдун көркүн ачкан ашпозчулар
-
Ноябрь 22, 2024
Украина: Сумыда дрон соккусунан эки киши набыт болду
-
Ноябрь 22, 2024
Казакстан коопсуздук чараларын күчөтөт
-
Ноябрь 22, 2024
Ташиевге сырдуу катты ким жазды?