Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

ЖЭБдеги коррупция: сот кийинкиге калды


Соттон бир көрүнүш. 3-апрель, 2019-жыл.
Соттон бир көрүнүш. 3-апрель, 2019-жыл.

Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча козголгон негизги кылмыш ишине байланыштуу сот жараяны өттү.

Тергөө ЖЭБди жаңылаш үчүн Кытайдан алынган 386 миллион долларды колдонууда коррупцияга жол берилген деп эсептейт. Бул иштин алкагында айып коюлгандардын арасында мурдагы аткаминерлердин жоон тобу: мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков, экс-министрлер Осмонбек Артыбаев жана Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдингдин» мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов бар. Буга чейин иш боюнча баштапкы жараяндар жабык өтүп келсе, бул ирет алгачкы жолу сот залына журналисттер киргизилип, видео тартууга уруксат берилди.

Бир жылга жакын камакта отурган мурдагы жетекчилер темир тор артында унчукпай отурушту. Бирок жараян өтүп жаткан залдын аянты тар болгондуктан сот видео тартып жаткан операторлорду көп өтпөй эле чыгарып жиберди.

ЖЭБ боюнча соттук отурум 10-апрелге калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:01 0:00

Сот залынын тардыгы жараяндын катышуучуларын нааразы кылды. Анын айынан соттолуучулардын тарапкерлери кире албай, эшик алдында кыйкырып турушту. Ал эми айыпталуучулардын адвокаттары соттун мындай шартта өтүп жатканын сынга алып, «бийлик сотту ачык-айкын өткөрүүнү каалабай жатат» деп айтып чыгышты.

Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов соттун «жараян ачык өтүп жатат» деген түшүндүрмөсүн жөн гана формалдуулук катары баалады:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

«Сот процессинин ачыктыгы формалдуу түрдө эле экенин белгилегим келет. Анткени Свердлов райондук сотунун залында эң көп дегенде жактоочулар, айыпталуучулар өздөрү жана коомчулук өкүлдөрү менен журналисттерден алты-жети адам киргенде эле зал толуп калат. Бул чуулгандуу иш болгондуктан жалпыга маалымдоо каражаттары, байкоочулар, айыпталуучулардын туугандары да ишке байкоо жүргүзүп турууну каалашат. Ошондуктан сот процесси мындан чоң залда өтүшү керек эле».

Буга чейин Токтакунов сот жараянын башка залда өткөрүү жана чагылдыруу үчүн шарт түзүп берүүнү өтүнүп Жогорку сотко кайрылган болчу. Бирок Жогорку сот Свердлов райондук сотунун имаратында мындан башка чоң бөлмө жок экенин билдирген.

Бул ирет да Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Чынара Мамытканова дал ушул жоопту кайталап, сот жараянын ачык-айкын өткөрүүгө бардык аракет көрүлүп жатканын айтты:

«Бишкектин Свердлов райондук сотунун эң чоң залы дал ушул иш боюнча бөлүнүп берилген. Анда айыпталуучулардын адвокаттары менен мамлекеттик айыптоонун катышуучуларына бирдей шарт түзүлгөн. Ал эми кайсы бир тараптын өтүнүчү менен Свердлов райондук сотунун имаратынан башка жерде көчмө жыйынды өткөрүү райондук соттун компетенциясына кирбейт. Ошондой эле бул учурдагы жазык мыйзамдарына туура келбейт».

Дал ушундай маанайда ЖЭБдеги коррупция боюнча алгачкы ачык сот процесси көпкө созулган жок. Айыпталуучулардын бири Айбек Калиевдин адвокаты сотко келбей калгандыктан жараян 10-апрелге жылдырылды. Ал эми Калиевдин адвокаттары сотко барбаганы менен Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүштү.

Адвокат Бакыт Жумашев Айбек Калиевдин бүгүнкү коррупция боюнча иши эмес, ал кошумча айыпталып жаткан Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка байланыштуу тергөөнүн маалыматтарына жооп кайтарды. Адвокаттын айтымында, ишканадагы кырсыктын чыныгы себептери тууралуу маалымат бурмаланып, ЖЭБдин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулунун жоопкерчилигине көңүл бурулбай жатат.

«Өмүркул уулу бүгүн сотто экинчи даражадагы айыпталуучу болуп жатат. Иш жүзүндө ал «Электр станциялары» ишканасынын жетекчилигине кышка даярдык боюнча туура эмес маалыматтарды берип, адаштырып турган. Ошондой эле кырсык маалында өз милдеттерин толук аткара албаган башкы инженердин да жоопкерчилиги каралган жок. Ошондуктан «Бул иште ЖЭБдин жетекчилеринин жоопкерчилиги кандай болгон?» деген суроо жаралат. Мындан тышкары ЖЭБдин чарбалык иштерине кийлигишүүгө «Улуттук энергохолдингдин» укугу болгон эмес», - деди адвокат.

Жумашев ошондой эле Айбек Калиевге камакта отурган кезинде өлкөнүн мурдагы жетекчилигине каршы көрсөтмө берүү боюнча сунуш түшкөнүн, бирок Калиев андан баш тартканын кошумчалады. Ал эми Калиевдин адвокаттары күнөөлөп жаткан Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу айтылган дооматтарды четке какты:

Нурлан Өмүркул уулу.
Нурлан Өмүркул уулу.

«Айтылгандар жалган. Буга чейинки сот процессинде мен Калиев менен Кыдырбаевге карата көрсөтмө берип, күнөөлөрүн мойнуна коюп бергем. Алардын уруксаты жок болсо ЖЭБде оңдоо иштерин жүргүзө алмак эмеспиз. Ошондуктан адвокаттары мага каршы чыгып жатышат».

Бишкек ЖЭБиндеги акыркы кырдаалга байланыштуу беш кылмыш иши козголгон. Учурда бул иштердин бири боюнча өкүм чыгып, «Электр станциялары» ишканасынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Алмаз Жусупбеков менен Бердибек Боркеев алты жылдан эркинен ажыратылса, калгандары боюнча сот жүрүп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG