Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Президенттерди да баш ийдирген коррупция


Бишкек.
Бишкек.

Коррупция деген сөз эл арасында көп айтылып, ЖМКларда көп жазылып жүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Нурмамат ажы Сапарбаев жиберген сунуш.

Коррупция деген өзү кандай нерсе? Өңү-түсү бар, көзгө көрүнгөн нерсеби же биз көзүбүзгө көрүнбөгөн түшүнүктү пайда кылып алып өзүбүз менен өзүбүз убарабызбы? Биз аны кандай түшүнөбүз? Андыктан алгач коррупцияга аныктама берип көрөлүчү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2003-жылы 30-январда кабыл алынган «Коррупцияга каршы күрөш жөнүндө» мыйзамда коррупцияга мындайча аныктама берилген: «Коррупция (коррупциялык укук бузуу) – бул мамлекеттик кызматтарда иштеп туруп, өзүнө мамлекеттик кызматкердин статусу тагылган милдеттерди жеке өзүнүн жана башкалардын пайдасы үчүн колдонуп, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч келтириши».

Коррупцияга кызматтык адамдардын паракордугу, уурулугу, талап-тоноочулугу, шалаакылыгы жана мамлекеттик жана жеке менчик мүлктү ээлеп, басып алышы жана жеке өзү жана башкалардын ар кандай мыйзамсыз пайда көрүшү үчүн (жеңилдиктер, артыкчылыктар) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы, эл арасында «бардыгы сатылат жана сатылып алынат» деген түшүнүктү киргизет.

Биз коррупциянын себептерин талдабай туруп, андан кутулуунун жолдорун билбейбиз. Анын кесепеттери эмнелерге алып келе турганын аныктамайынча, коррупция менен күрөшүү пайдасыз. Бул нерселерди элдин терең катмарына түшүндүрмөйүнчө эл «уктап» жата берет. Кыргызстан эгемендүүлүккө өз алдынча эгедер болгондон кийин ошол кездеги президент Аскар Акаев «Коррупция жетинчи кабатка жетти!» деп бакырган. Жетинчи кабатта кимдер отургандыгы бардыгына белгилүү. Экинчи президент Курманбек Бакиев «Бийлик элге кызмат кылыш керек» деген лозунг менен иштеген. Чынында ошондой болдубу?

Алар айткандан бери эле коррупция гүлдөп, акыркы мезгилде мөмөлөрүн бере баштады.

Коррупция биздин өлкөдө качан башталган? Коррупция мурда деле болгон, бирок эгемендүүлүктү алгандан кийинки учурун карап көрөлү.

Коррупциянын ана башы 1991-жылы Кумтөрдөгү алтынды казуу боюнча канадалык «Камеко» корпорациясына мыйзамдуу укук берүүдө ачык-айкындык болбой, конкурс деген нерсе өткөрүлбөстөн эле генералдык келишимдин негизинде өткөрүлүп берилген. Кол коюуга макул болбогон КРдин биринчи премьер-министри болуп дайындалган Насирдин Исановдун өмүрү кеткен. Бул деген эмнени билдирет?

«Москва көзөмөлдөбөй калды, өзүбүздү өзүбүз билебиз, өтүгүбүздү төргө илебиз» деген, «ким бизге каршы чыкса аны ушундай тагдыр күтүп турат» деп башкаларга эскертүү бергендегиси. Биздин эл мурда мыйзамды сыйлап, мыйзамдан коркуп турат болчу. Мына ушундан кийин биздин өлкө мыйзам жолунан чыгып кетти. Кайрадан мыйзам жолуна түшүү оор болуп жатат. Мыйзамдар карапайым эл үчүн гана жазылып, «элиталарга» тиешеси жоктой. Андан кийин алтын чырын депутаттар парламентте козгой коюшуп «легендарлуу парламент» таркатылган.

Кумтөрдөгү коррупциялык былыктарды ачабыз дегендер камалып, анын акырынан жем жегендер эч нерсе болбой жүрүшөт. Кумтөр дегенде биз жаш кезде көргөн «Спрут» деген фильм эске түшөт. Фильмде коррупцияны спрутка салыштырышкан. Бир аягын кесип салса, жаңысы чыгып, мурдагы калыбына келип калган. Бир кезде Алмазбек Атамбаев да «Жетинчи кабатка киргендер, жети баштуу ажыдаарга айланып кетет» деген эле. Акыры өзү да ажыдаарга айланып кеткенин билбей калды.

Коррупциянын оожалышына өлкөбүздө менчиктештирүү саясаты элдин катмарынын эки же андан көп катмарларга бөлүнүшүнө алып келди. Байлар, өтө байлар, орто байлар, томаяктар, итке минген жакырлар болуп бөлүндү. Менчиктештирүү саясатын жүргүзүү алдында ошол кездеги биздин аткаминерлерди чет өлкөлүктөр өздөрүнүн өлкөлөрүнө саякаттатып алып барып, «менчиктештирүүгө өтсөңөр ушундай кооз үйлөрдө жашайсыңар, укмуштуудай машиналарды минесиңер» деп алардын советтик аң-сезимдерин бузуп келишти. Ошентип чоң шаарларда «буржуй шаарчалары» пайда болду. Алардын элдин ачкадан кебекти нан кылып жеп отурушканы менен иштери болбоду. Эл көзүнө мыйзамдуу экенин көрсөтүш үчүн аукциондорду өткөрүшүп, карапайым элдин аукциондорго катышууга каражаттары жок экендигин билип туруп эле бардык жакшы жерлерди сатып же басып алышты. Карапайым калкка үлүш жерлеринен башка эч нерсе тийген жок. Колхоз-совхоздорду, заводдор менен фабрикаларды талап-тоногондор эч кандай жазага кириптер болушпады. Азыраак мезгил өткөндөн кийин «рэкеттер», «каралар» дегендер чыгып, пайдасы мол боло турган менчиктелген заводдорду, фабрикаларды бийликте турган колдоочулары барлар күчкө салып тартып алышты. Мыйзамдар акчалуулар менен бийликтегилер үчүн гана алардын пайдасына иштеп калды. Бийликтегилер мамлекеттин чөнтөгү менен өздөрүнүн чөнтөгүн алмаштырып, мамлекеттин чөнтөгүнө акча салам деп отурушуп, адашып өздөрүнүн чөнтөктөрүнө салып жатышты. Эл бийликке болгон ишенимин жоготуп, өз арабасын гана тартып, азуулуу менен алышса күчтөрү жетпей тургандыгына көздөрү жетип, коом убактылуу шал болуп калды.

Аскар Акаев «легендарлуу парламентти» таркаткандан кийин шайлоочуларга «депутат боло тургандардын бергендерин алып жей бергиле, урнага барганда кимге добуш берүүнү өзүңөр билесиңер» деген сөзүнөн кийин депутат боло тургандар шайлоочуларды ар кандай жолдор менен сатып ала башташты. Бул процесс азыркыга чейин токтобой келет. Бул саясий коррупция деп аталат. Депутат болуп келгендер кетирген чыгымдарын толукташ үчүн, кээ бир бизнесмендердин бизнестерин жеңилдетиш үчүн алар сунуш кылган мыйзамдарды өткөрүп жүрүштү. Азыр деле көптөгөн мыйзамдар ушундай жол менен кабыл алынып, мыйзамдар кээ бир адамдар үчүн иштеп калган карапайым калк үчүн иштебей жатканы ушундан. Мына ушунун кесепетинен азыркы күндө парламентте кандай депутаттар отурганын жалпы эл билет. Кээ бир депутаттар кылмыш ишине аралашып жатат, бул азыркы парламенттин жүзү, өлкөбүздүн саясий күзгүдөн көрүнгөн кебете-кешпири. Буларды ким шайлаган, албетте эл да. Эл өзүнө дагы эле жоопкерчиликти ала элек.

Дагы бир коррупциянын түрү биз күндө туш келген турмуш-тиричиликтеги коррупция же майда-барат коррупция деп аталат. Бул коррупциянын түрүнө биз коомчулук өзүбүз жардам берип жатабыз. Мисал келтирсек; айдоочулук укуктарды сатып алуу, жол эрежелерин билбей МАИлерге түшүп, алардан акча менен кутулуу көнүмүш көрүнүш болуп калды. Маалым кат алуу да акчанын арты менен алынат. Төрөт үйүнө киргенден баштап чыкканга чейин акча. Башкы мыйзамда билим алуу, дарылануу акысыз деп жазылып турганы менен мамлекеттик ооруканаларда бекер дарылагандарын эч көрбөдүм. Оорукана, мектеп, ЖОЖдор тууралуу көптөгөн мисалдарды келтирсе болот, бирок буга кагазды ысырап кылуу. Бул жерде биздин атуулдарыбыздын өз укуктарын билбегендиги, ушуга укугумду талашып убакыт кетиремби деген кайдыгерлик мамилелери пара берүүнү көндүм көрүнүшкө айландырып койду.

Коррупциянын кесепеттери эмнеге алып келди? 2011-жылы «Ар-Намыс» партиясынын депутаттык фракциясынын лидери Феликс Кулов коомчулукка Кыргызстандагы коррупциялык схемалар тууралуу отчётун жарыялап, ар жылы республикалык бюджет 300 миллион доллар жоготуп жатканын айткан.

2011-жылы укук коргоочу уюмдар атайылап өздөрү изилдөө жүргүзүп, коррупциялык схемалар республикалык бюджетке 700 миллион доллардан кем эмес чыгым алып келгендигин ЖМКларга жазып чыгышкан. Бул деген канчалаган жаңы мектептер, ооруканалар курулбай калды дегенди билдирет. Эгерде ушул акчалар бюджетке түшкөндө мугалимдердин, дарыгерлердин эмгек акылары көбөйүп, билим берүүнүн, элдин саламаттыгына камкордук көрүү бир топ көтөрүлөт эле. Пенсионерлердин пенсиялары көбөйөт эле. Коңгуроо кагып бюджетти толтуруу үчүн башка өлкөлөрдөн карыз сурабайт элек.

Кыскартып айтканда коррупция деген бул кызматтык абалын жеке кызыкчылыгы үчүн кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын коомдун кызыкчылыгынан жогору коюп, мыйзамдарды тебелеп-тепсөө менен элдин эсебинен байып, байлыкка жеткенден кийин уурдап алган байлыктарын сактап калуу үчүн башкалардын укуктарын тепселеп, ар кандай жолдор менен бийликке жетүү. Анда адамдык жана демократиялык баалуулуктар деген нерселер болбойт, анын бирден бир баалуулугу - арам байлык жана балит бийлик.

Азыркы кезде коррупциянын гүлдөп, өнгөн учуру. Бул жөнүндө карапайым эл эле эмес, бийликтин башындагылар өздөрү деле айтып жүрүшөт. ЖМКларда коррупциянын бетин фактылар менен ачып көрсөткөн макалалар чыгууда. Бирок бул макалаларга тиешелүү органдардын, калктын кайдыгер карашы бир гана ЖМКлар коррупцияга каршы күрөшү керек дегендей ойду калтырат.

Коррупция акыры келип көр сатууга да жетти. Өлүш кыргыздар үчүн кыйын болуп калды. Бул жөнүндө чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев көзү тирүүсүндө «Көрүстөндөгү коррупция», «ЖЭБ: 386 млн. доллар кайда короду?», «Бажыдагы уурулук», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» деген иликтөөлөрү эл арасында өзгөчө пикирлерди туудурду. Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иши сотто каралууда. Бирок соттун узарып кетишинен улам эл арасында аягына акыйкаттык менен чыгар бекен же соттор өз билгендерин жасап коюшар бекен деген ой үстөмдүк кылууда.

Жылуулук борборун оңдоп-түзөөдө бюджетке 111 млн. доллар зыян келгени айтылууда. Башкы прокуратура музейди реконструкциялоодо мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген. Бул көрүнүш жылдан жылга коррупция гүлдөп, мамлекеттик бюджеттин жогорку бийликте отургандар тараптан уурдалганы элге жетти. Эл бул көрүнүштөргө кандай мамиле кылды? «Ынсапсыздар дагы уурдашыптыр» деп гана коюшту. Элдин «бул менин акчам эле, бала-чакамдын келечегине жумшалчу акча эле, саламаттык сактоого кетчү акча эле» дебегени, көңүл коштугу жеп ичкендерди жекирбей койгондуктан, арам тамактар «уурдасак боло берет экен» дешип элдин мүлкүнө тартынбастан, уялбастан (уяты болсо уурдабайт эле да) уурдап жатышпайбы.

Коррупциянын дагы бир түрү - тааныш-билиштик, тууганчылык, куда-сөөктүк. Азыркы «Ак үйдөгү» кабинеттердин эшиктеринде илинген фамилияларды карасаңыз мурдатан майлуу-сүттүү орундарда отургандардын балдарынын аты-жөнү. Карапайым адамдардын балдары «Ак үй» эмес, жөнөкөй мамлекеттик кызматтарга таанышсыз кабыл алынбайт. Эмне аткаминерлердин балдары гана акылдуу, таланттуу бийликте отурууга гана жаралып ал эми карапайымдардын балдары кара жумуш үчүн жаралганбы деген ой кетет.

Коррупция:

  • Кыргызстандын экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө тоскоолдук кылат;
  • Көмүскөдөгү экономиканы өнүктүрүү менен бюджетке зыян алып келет;
  • Инвестициянын тартылышына тоскоолдук жаратат;
  • Криминал менен бийликтегилердин көзгө көрүнбөгөн кызматташтыгы күчөйт, жаш муундардын арасында ар кандай мыйзамсыз жолдор менен бийликке жетсе болот деген аң-сезимдери калыптанат жана криминалдардын байлыкка оңой жеткендиктери аларды бул чөйрөгө азгырат;
  • Коомдогу моралдык-этикалык баалуулуктарды бузат, элдин баалуулуктары байлык болот, ар кандай жол менен баюуну көздөйт, байыгандан кийин байлыгы менен башкаларга көрүнүү үчүн кабат-кабат тамдарды, эл минбеген машиналарды минип, байлыгы менен башкалардан статусу жогору экендигин көрсөткүсү келет;
  • Шайлоочуларды сатып алуу менен парламентке татыксыз депутаттардын келишин камсыз кылып, элдин бийликтегилерге болгон ишенимин кетирет;
  • Сотторду жана укук коргоочу органдарды сатып алуу менен алардын адилетсиз чечим чыгарышына алып келет, ошондуктан Кыргызстандын атуулдарынын бардыгы арыздары менен сотторго, прокуратурага жана укук коргоо кайрылбастан түптүз президентке кайрылышат. Мындай кадам алардын бул уюмдарга ишенбегендигинен кабар берет;
  • ЖМКларды сатып алышат, ар бир газета-журналдын артында чөнтөгү калың бирөө туруп, алар атаандаштарын каралоодо буларды пайдаланышат;
  • Калкты кайдыгерлик абалга алып келишип, атуулдук активдүүлүгүн төмөндөтөт.

Менин сунуштарым

Бийликтегилердин ар бир кыймылы карапайым калк үчүн үлгү экендигин белгилей кеткенибиз оң болот. Конфуций айткан экен: «Эгерде сиз туура жүрүш-туруштун үлгүсүн көрсөтсөңүз, ким өзүн туура эмес алып жүрүүгө батына алат?» - деп. Жогорку кызматтагы адамдар мыйзамдан бийик турбашы керек. Эгерде бийликтегилер мыйзамды сыйлап, мыйзам боюнча иштерди жасашса, калк да ошого көнөт. Коррупцияны жок кылуу мүмкүн эмес, бирок азайтууга болот.

Ал үчүн:

  • Президенттен баштап, бардык мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын, ар бир атуулдун мыйзамга гана баш ийүүсү, бийликтегилердин жана кызматтагы адамдардын аткарып жаткан иштеринин жана кабыл алып жаткан чечимдеринин ачык-айкындуулугу керек.
  • Коррупцияга аралашкан адамдар сөзсүз кылмыш жообуна тартылып жана жазаланып, уурдаган акчасын казынага ошол уурдаган көлөмдөн миңдеген эсе кылып төктүрүү зарыл. Экинчи жолу мамлекетик кызматтарга жакын жолотулбашы керек.
  • Жогорку Кеңешке шайлоодо депутаттардын санын 60ка жеткирип, анын ичинен 40 пайызы партиялык тизме менен шайланып келиши зарыл. Депутаттардын эмгек акыларын алар мурда иштеп келген жерлериндеги айлыктарынан бир аз жогору коюу керек, себеби алар эл үчүн иштейбиз деп келип жатпайбы.
  • Президенттик аппаратты, өкмөттүн аппаратын, областтардагы бюджеттеги кызматкерлерди кыскартуу зарыл.
  • Жарандык коомдун активдүүлүгү алардын эл арасында коррупция бул - ичтен жеген мите экендигин, акыры бул мите коомду айыкпай турган кесел менен оорутуп, мамлекеттин жок болуп кетүүсүнө алып келе тургандыгын эл арасында түшүндүрүшү зарыл. Бул уурдалып жаткан каражаттар мамлекеттики гана эмес элдики, биздики, биздин балдарыбыздын келечектеги өнүгүүсүнө багытталган каражаттар деген аң-сезимди пайда кылуу керек.
  • Пара бергендер менен пара алгандар кылмыш жообуна тартылышы зарыл. Кызматка кабыл алууда адамдардын кесипкөйлүүлүгүн жана акча менен дүнүйөгө сатылбагандыгын эске алуу менен конкурстук негизде акыйкаттык менен жумушка кабыл алынса. Жумушка кабыл алынгандарды эмгек акыларын башкаларга көз каранды болбой турган абалга көтөрүү, бюрократиялык баскычтарды жок кылуу, жогорку бийликтегилердин таза жүрүш-турушу башкаларга үлгү болгудай шарт түзүлүшү зарыл.
  • Коррупцияга каршы күрөшүп жаткан уюмдар натыйжалуу иштеши керек. Коррупциялык көрүнүштөргө болгон элдин күрөшү, эркин, эч кимге тартпаган, эл ишенген массалык маалымат каражаттарында такталган фактылар менен коррупциянын бетин ачкан макалалардын негизинде, укук коргоо органдары тыкыр иликтөөлөрдү жүргүзүшү зарыл. Коррупцияга малынгандарга көрүлгөн чаралар дагы тез-тез жарыяланып, элге сабак катары калыс маалыматтар жетип турушу керек.

Нурмамат ажы Сапарбаев

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG