Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Коррупцияга каршы активисттер жанданса


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Арсланбек Кенжешов жиберген сунуш.

Эки-үч күн мурун «Азаттык +» программасынын Кыргызстандагы блогерлер тууралуу даярдаган материалын көрүп калдым. Мына ошол программада коррупция, мыйзамсыз иш аракетке каршы туруп, коомго кайдыгер карабаган эки каарман (Эрулан Көкүлов менен Болот Ибрагимов) өзгөчө көңүлүмдү бурду. Эч кимден айлык талап кылбай, милдет кылбай эле коомдун өзгөрүшү жана өнүгүшү үчүн кызмат кылып жатышат. Аларга окшогон жарандарыбыз дагы көп болсо, Кыргызстанга болгон пайдасы да ошончо көп болор беле. Коомубузда жаңылануу жана тартип болуп, ар бир иш өз максатына ылайык иштеп, кээ бир паракорлор, коомдук тартип жана мыйзамды бузгандар жок болбосо да аз болуп, элине ак кызмат өтөшмөк беле дейм.

Алгач мамлекеттин коррупция менен күрөшүүдө реалдуу кызыкчылыгы болушу керек. Коррупцияны жалпы коом, ар бирибиз душман катары көрөлү. Паракорлорду торго салыш үчүн активист жаштардан (же каалаган ар бири) куралган атайын платформа түзүлүшү керек. Бул платформага кирген ыктыярдуу жарандарды кайсы бир мамлекеттик орган (ИИМ, УКМК же президент менен өкмөттүн аппараты) өз карамагына алып, керектүү шарт түзүп, максаттуу пландар коюлушу керек. Платформанын мүчөлөрү өлкөнүн ар кайсы жеринде болуп, мыйзамсыз иштерди жана коррупциялык схемаларды ачып, бул ачылган кылмыштар ММК аркылуу элге көрсөтүлүп, мамлекет жана коом биригүү менен «коррупцияга карата күрөштү бирдикте улайбыз» деген ураанды жаратышы керек. Муну менен мамлекет элдин ишенимин жана үмүтүн жандандыра алат.

Ошондой эле платформада орун алган жарандарды мамлекет сөзсүз түрдө коргоого алууга тийиш. Аларга мамлекет тарабынан кээ бир жеңилдиктер (социалдык жана экономикалык) да каралышы зарыл. Керек болсо жыл жыйынтыгын чыгарып, эң көп коррупциянын бетин ачкан активисттерге өлкө жетекчилиги тарабынан мамлекеттик жана улуттук сыйлыктар ыйгарылып, материалдык колдоо көргөзүү мамлекеттин эң негизги тапшырмасы болуп эсептелиши керек. Балким ошондо гана көрүнүктүү иштер болобу деп ойлойм.

Арсланбек Кенжешов, 19 Май университетинин (Ondokuz Mayıs Üniversitesi) докторанты, Түркия

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG