Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Коррупция менен коом гана күрөшө алат


«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан тарта токтогон.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Нургазы Келдиев жиберген сунуш.

Жемкорлук жөнүндө кеп козгордон мурда көз карандысыз өлкө тарыхыбыздагы кээ бир процесстерге кайрылгым келет. Мына быйыл эгемендүү мамлекет болгонубузга 28 жылдын жүзү болду. Өлкөбүз бул убакыт ичинде жемкорлуктун дээрлик бардык тепкичтерин басып өттү. 1991-жылы залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун тандоосу менен Аскар Акаев бийликке келди. Эмне үчүн Аскар Акаев? Өлкөбүздө жарандык коомдун, демократиянын жаманбы-жакшыбы, аздыр-көптүр түптөлүшүнүн сыры ушул суроодо деп ойлойм.

Жеке менин оюмча Чыңгыз Айтматов советтик доордогу идеологиялык чектөөлөр болбогондо мындан дагы чоң чыгармаларды жарата алаары жөнүндө көп эле ойлонгон болушу керек. Глобалдык деңгээлде ой жүгүрткөн жазуучу болгондуктан бийлик тууралуу өз көз карашы бышып жетилген, коом менен бийликтин ортосундагы айырмачылыкты көрүп турган. Ошондуктан илим лабораториясынан таап чыгып Акаевди тандаган, эски системаны улантпай турган, жаңы багытка жол ала турган, коомдук пикир эске алынган, ачык-айкын ой-пикир билдирүүгө мүмкүндүк берген демократиялык өлкө жаратууга салым кошкусу келген.

Акаевдин советтик кайра куруу дооруна чейин А.Сахаров сыяктуу адам укугу жаатында пикири бар илимпоздорго симпатиясы бар экенин билген. Кайра куруу доорунда ал симпатия ачыкка чыкканы баарыбызга маалым. Акаевди алып келүү менен Айтматов демократияны кура албаса башатын жаратууга себепкер болду, менталитетибизге ылайыктуу жол тандалды. Акаевдин көптөгөн кемчиликтерди кетириши өзүнчө кеп, темадан алыстабаш үчүн аны козгобойлу.

Коңшу өлкөлөрдүн байлыгы жер астында жатса, биздин байлык коомубузда, адамдардын аң-сезиминде жатат. Эгерде демократиялык жолду тандап албаганыбызда жемкорлук жоюлмак турсун, аны менен күрөшүүнүн өзү болмок эмес. Бирок башаты жаралса да Айтматов кыялданган өлкө болуудан алыс экенибиз талашсыз. Канча бийлик алмашты, канча ажо алмашты, жемкорлукта өзгөрүү көзгө көрүнбөгөнсүйт. Бирок ушул процесстер бийликтин табиятын өзгөртө албаса да, жемкорлукту жеңе албаса да, эң негизги нерсени ойготту. Ал - коомубуздун бийликке карата, жемкорлукка карата көз карашы. Буларды жазган себебим, ушул 28 жылда өлкөбүз жемкорлор тарабынан чөмүчтөп, чакалап тонолгону менен, кашыктап болсо да коомдук аң-сезимдин пайдубалын жарата алдык. Төмөндө мындан ары кандай жол издейбиз, ошол жөнүндө айта кетейин.

Баарыбыз дарактын бир бутагында отурабыз, жөн гана отурбастан арабыздан кээ бирөөлөрдүн отурган бутагыбызды кыйганын карап отурабыз. Айтайын дегеним, ар бир жемкорлук аракети баарыбызга урулган сокку экенин, эртеби-кечпи жашообузга, келечегибизге аябай терс таасир этээрин аңдашыбыз керек. Күчтүү жарандык коом жана чыныгы демократия болгондо гана коррупцияны жеңе алабыз.

Бийликке сыйкырдуу түрдө таза адам келип оңдоп жиберет деген куру кыялдан алыс болушубуз абзел. Сингапур өлкөсү мисал боло албайт бизге, ак боз ат минген ханзаданы күтүп отурсак кеч болуп калышы мүмкүн. Бир гана өзүбүзгө, атуул катары өз позициябызга ишенишибиз керек.

Жемкорлукту жоюу бийликтеги адамдардан эмес, аларды бийликке алып келген адамдардан көз каранды экенин коомдун ар бир мүчөсү көкүрөгүбүз менен сезе билишибиз зарыл. Бийликтин өкмөттүк эмес уюмдардын ишине жана социалдык тармактарга чектөө киргизүүсүнө, төртүнчү бийлик делген көз карандысыз массалык маалымат каражаттарына басым жасоосуна жол бербешибиз керек.

Бул жерде айта кетчү нерсе, өкмөттүк эмес уюмдардын максаты кандай гана болбосун тереңдеп караганда күчтүү жарандык коом түзүүдө салымдары аябай чоң. Социалдык тармактар да коомдун ойгонуусуна түрткү болууда, китеп, газета-журнал окубаган коомубуз бул тармактарда өз убактысынын көпчүлүгүн өткөрүүдө.

Албетте башка оң, терс жактары тууралуу көп сөз кылууга мүмкүн, бирок жемкорлук менен күрөшүүдө орду чоң экени талашсыз.

Акыркы убактарда массалык маалымат каражаттарында кеңири колдонулган элдик репортер ыкмасы, "Азаттык" радиосунун журналисти маркум Уланбек Эгизбаев баштап кеткен иликтөөчү журналистика да коомдун ойгонуусуна эбегейсиз салым кошууда.

Жогоруда аталган өкмөттүк эмес уюмдар, социалдык тармактар, көз карандысыз массалык маалымат каражаттары коомдун колунда болгондо гана жемкорлук менен күрөшө алабыз.

Жыйынтыктап айта турган болсом, коомду ар дайым жогоруда аталган каражаттар аркылуу ойгоо кармообуз керек. Ошондо гана жемкорлор сестенишет, байлыкка жетүүнүн башка жолдорун издей башташат.

Нургазы Келдиев, Ош шаары

Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG