Ак калпак күнүн утурлай Бишкекте бир канча иш-чаралар уюштурулду. Алардын бири 4-мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтүп, майрамдын урматына улуттук кийимдердин парады өттү. Сүрөттөр Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Европанын пресс-фото агенттигине (EPA-EFE) таандык.
Ак калпакты көргөндө эске түшөт Ала Тоо
Быйыл ак калпак күнүнүн 10 жылдыгы белгиленүүдө. Кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпак күнү 2011-жылдан баштап белгиленип келет. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий түрдө бекитилген.








Калпак «Тилик калпак», «Айры калпак», «Сайма калпак», «Туюк калпак» болуп негизги бөлүккө бөлүнөт. Бирок, уз чеберлер өз табитине жараша формасын, түсүн түрдүүчө өзгөртүп жасап жүрөт. Бүгүнкү күндө өлкө аймагынан калпактын 100гө жакын түрүн кезиктирүүгө болот.


Президент Садыр Жапаров 5-мартта кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады:
"Канчалаган чет мамлекеттерде, маданий, спорттук иш-чараларда ак калпагын шаңкайта кийип бараткан мекендештерибизди көргөндө Ала-Тоо көчүп бараткандай сезимге бөлөп, башка элдерден айырмалап, көркөмдүк кооздугу жана касиети көрктөп турат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат деп ишенем", - деп жазылган куттуктоодо.



Ак калпак майрамынын он жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында он боз үй тигилди.

