"Кырк кыз" долбоорунун кадимки сулуулук сынактарынан айырмасы, мында конкурсанттар улуттук стилде кийинип, кыргыздын каада-салтына ылайык камыр жууруп, кесме кесип, кыргызча ыр ырдап, Курманжан датка, Ажар, Толгонайдын монологдорун айтышты.
Кырк уруунун кырк кызы
Бишкекте «40 кыз» деген аталыштагы кыздардын сулуулук сынагы жыйынтыкталып, 40 райондон чогулган 40 кыздын арасынан 1-орунду Аламүдүн районунун атынан катышкан 19 жаштагы Айдана Карагулова жеңип алды.

21
Райондордон чогулган 40 кыздын арасынан 1-орунду 19 жаштагы Айдана Карагулова жеңип алды. Аламүдүн районунун атынан катышкан сулуу 200 миң сом акчалай сыйлык алды.

22
2-орунду Нарын облусунун Ак-Талаа районунун атынан катышкан 22 жаштагы Нурия Жаныбек кызы алды.

23
Уюштуруучулар долбоордун негизги максаты — чыныгы кыргыз кызынын адебин, кыз кишиге тиешелүү баалуулуктарды коомчулукка көрсөтүү экенин белгилешти.

24
Сахна артындагы кыздар.

25